Камбар-Ата-1 ГЭСине баруучу көпүрөнүн курулушу активдүү жүрүүдө

Камбар-Ата-1 ГЭСине баруучу көпүрөнүн курулушу активдүү жүрүүдө

Нарын дарыясы аркылуу салынып жаткан көпүрө келечектеги Камбар-Ата-1 ГЭСинин негизги транспорттук объекттеринин бири болуп саналат. Ал станциянын оң жээгине түз транспорттук байланыш түзүп, курулушка керектүү материалдарды, оор техникаларды жана жумушчуларды өткөрүүгө шарт түзөт. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Көпүрөнүн көтөрүмдүүлүгү 400 тоннаны түзөт. Узундугу 200 метрге жакын, туурасы 11 метр. Объект оор жүк ташуучу атайын техникаларга ылайыкташкан.

Учурда темир-бетон тирөөчтөр толугу менен куюлуп бүттү. Металл конструкциялар жээкте чогултулуп, этап-этабы менен суунун үстүнө жылдырылууда. Азыркы тапта 40 метрге жакын металл конструкция чогултулуп, анын 26 метри атайын мамычалар аркылуу орнотулду. Конструкциялар Кытайдан алынып келип, тиешелүү текшерүүдөн өткөн. Объектте 24 жумушчу эмгектенүүдө.

Курулуш иштери кышкы шартка карабастан уланууда. Металл конструкцияларды орнотуу иштери активдүү фазада.

Камбар-Ата-1 ГЭСинин долбоордук кубаттуулугу болжол менен 1 860 МВтты түзөт. Көпүрө бүткөрүлгөндөн кийин ГЭСтин негизги курулуш иштерин кеңири масштабда жүргүзүүгө шарт түзүлөт.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Энергетика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Баткенде акылдуу электр эсептегичтерди орнотуу иштери толугу менен аяктады

Борбор калаада кар тазалоого 114 атайын техника даярдалды

Өлкөдө балдарды эрте өнүктүрүү кызматтары менен камтуу 55 пайыздан ашканы айтылды

"Ачык кабинет": Өлкөдөгү үч эл аралык аэропорттогу иштер көрсөтүлдү

"Борбордук Азия — Кытай" конференциясында эки документке кол коюлду