Ички валюта рыногунда сунушка караганда суроо-талап жогору – Улуттук банк доллардын курсунун көтөрүлгөнүнө түшүндүрмө берди
Улуттук банк учурда доллардын наркынын көтөрүлүп жаткандыгына байланыштуу билдирүү жасады.
Анда регулятор өзгөрүлмө алмашуу курсунун учурдагы саясаты алкагында АКШ долларынын сомго карата алмашуу курсу чет өлкө валютасынын суроо-талабына жана сунушуна жараша ички валюта рыногунда эркин түзүлүп жатканын билдирди.
«Азыркы учурда ички валюта рыногунда чет өлкө валютасын сунуштоого караганда, ага карата суроо-талап жогорулап жаткандыгы байкалууда, бул көбүнчө психологиялык факторлор жана рыноктун катышуучуларынын күтүүлөрүнө байланыштуу.
Зарылчылыгына жараша, чет өлкө валютасынын алмашуу курсунун кескин өзгөрүлмөлүүлүгүн текшилөө жана валюта рыногундагы туруктуу жагдайды колдоо максатында, Улуттук банк ыкчам кийлигишип, тиешелүү чараларды көрө алат, анткени, жетиштүү ресурстарга жана акча-кредит саясатынын инструменттерине ээ», – дейт УБ.
Улуттук банктын эл аралык резервинин көлөмү 2022-жылдын 5-апрелине карата абал боюнча 2.6 млн долларды түзөт жана өлкөнүн товарларынын жана кызмат көрсөтүүлөрүнүн импортунун келечектеги көлөмүнүн болжол менен 6 айын жабат.
Эскерте кетсек, жыл башынан тартып 5-апрель аралыгында, алмашуу курсунун кескин өзгөрүүлөрүн жөнгө салуу максатында, Улуттук банк 284.30 млн доллар суммасында чет өлкө валютасын сатуу боюнча 5 интервенция жана доллар түшө баштаганда 19.90 млн доллар суммасында сатып алуу боюнча 2 интервенция жүргүзгөн. Жыйынтыгында таза сатуу 264.40 млн АКШ долларын түзгөн.