«Камбар Ата-1» ГЭСинин курулуш долбооруна катышууну каалагандар чакырылат
«Камбар Ата-1» ГЭСинин курулуш долбооруна катышууну каалагандар чакырылат. Бул тууралуу Энергетика министри Доскул Бекмурзаевдин билдирүүсү жарыяланды.
Министр билдиргендей, «Камбар Ата-1» ГЭСинин курулушу жайында башталат жана иштин башталышына 20 млн доллар учурда бар.
«Бул долбоорго катышууну каалагандар бизге кошулса болот. Сиздер менен иштешүүгө биз ар дайым даярбыз», – деп айтылат жарыяда.