Кыргызстан өткөн жылы 1 млн тонна көмүрдү сыртка экспорттоп, кайра Казакстандан 650 миң тонна көмүр сатып алган

Кыргызстан өткөн жылы 1 млн тонна көмүрдү сыртка экспорттоп, кайра Казакстандан 650 миң тонна көмүр сатып алган

Кыргызстан өткөн жылы 1 млн тонна көмүрдү сыртка экспорттоп, кайра Казакстандан 650 миң тонна көмүр сатып алган. Бул тууралуу Депутат Жеңишбек Токторбаев бүгүн, 6-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Депутаттын айтымында, 2021-жылы республика боюнча 3 млн тоннага жакын көмүр казылып алынып, анын ичинен 1 млн тоннадан ашыгы сыртка экспорттолгон. Ошондой эле көмүр казып алуучу ишканалар бюджетке болгону 600 млн сом чегеришкен.

Токторбаев 2021-2022-жылдары күз-кыш мезгилдеринде Бишкек ЖЭБге кайрадан 650 миң тонна көмүрдү Казакстандан импорттолгонун айтты.

«Анын тоннасын 4 миң сомдон сатып алганбыз. Жалпы 2.6 млрд сомду түзөт, бул 30 млн доллардын тегерегинде болот. Эгерде Бишкек ЖЭБди көмүр менен өзүбүз камсыз кылсак, 30 млн долларга 2 чоң экскаватор 650 даана жүк ташуучу машина сатып алсак болчудай», – деди ал.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда президентке баш ийген Тергөө комитети түзүлөт

Кыргызстанда президентке баш ийген Тергөө комитети түзүлөт

Президент Садыр Жапаров “Кабар” агенттигине берген маегинде күч түзүмдөрүн реформалоо боюнча кеңири өзгөрүүлөр даярдалып жатканын билдирип, жаңы Тергөө комитети түзүлөрүн айтты. Мамлекет башчысынын маалыматына караганда, жаңы түзүмгө бардык тергөө иштери өткөрүлүп берилет. Ал эми Башкы прокуратура жана Аскер прокуратурасы мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө функциясын сактап калат. Президент учурда Улуттук коопсуздук мамлекеттик

Камбар-Ата-1 ГЭСине баруучу көпүрөнүн курулушу активдүү жүрүүдө

Камбар-Ата-1 ГЭСине баруучу көпүрөнүн курулушу активдүү жүрүүдө

Нарын дарыясы аркылуу салынып жаткан көпүрө келечектеги Камбар-Ата-1 ГЭСинин негизги транспорттук объекттеринин бири болуп саналат. Ал станциянын оң жээгине түз транспорттук байланыш түзүп, курулушка керектүү материалдарды, оор техникаларды жана жумушчуларды өткөрүүгө шарт түзөт. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти. Көпүрөнүн көтөрүмдүүлүгү 400 тоннаны түзөт. Узундугу 200 метрге жакын, туурасы 11 метр.

Д.Трамп бардык өлкөлөргө 10% кошумча бажы төлөмүн киргизгенин билдирди

Д.Трамп бардык өлкөлөргө 10% кошумча бажы төлөмүн киргизгенин билдирди

Дональд Трамп бардык өлкөлөрдөн импорттолгон товарларга 10% кошумча бажы төлөмүн киргизүү тууралуу жарлыкка кол койгонун өзүнүн Truth Social социалдык тармагында билдирди. "Мен үчүн глобалдык 10% бажы төлөмүн бардык өлкөлөргө киргизгенимди маалымдоо чоң сыймык. Бул чара дээрлик дароо күчүнө кирет",-деп билдирди ал. Бул чечим АКШнын мурда белгилүү соода

Кош бойлуулук жана төрөт боюнча пособиени кимдер, кандай ала алышат?

Кош бойлуулук жана төрөт боюнча пособиени кимдер, кандай ала алышат?

Эмгек, социалдык камсыздандыруу жана миграция министрлиги  кош бойлуулук жанга төрөт боюнча маяна алуу тартиби тууралуу маалымат берди. Кош бойлуулук жана төрөттө боюнча пособие кимдерге берилет: * жумуш берүүчү менен кызматтык мамиледе болгон аялдар; * жеке ишкерлер; * дыйкан (фермер) чарбаларынын мүчөлөрү; * расмий түрдө жумушсуз деп таанылган, жумушсуздук пособиесине укуктуу аялдар. Пособие алуу үчүн