«Оптима Банктын» таза кирешеси өткөн жылы 1.2 млрд сомду түздү

«Оптима Банктын» таза кирешеси өткөн жылы 1.2 млрд сомду түздү

«Оптима Банк» ААКтын 2021-жылы таза кирешеси 1.2 млрд сомду түздү. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасы билдирди.

Берилген маалыматка таянсак, жылдык жыйында тобокелдиктердин алдын алуу үчүн дивиденддерди төлөп бербөө чечими кабыл алынган.

«Мыйзамдык жана ченемдик талаптарды аткаруу, бизнести андан ары өнүктүрүү жана сактоо, жогорулаган тобокелдиктерге туруктуулукту жогорулатуу жана финансылык туруктуулукту сактоо максатында 2021-жылга карата таза киреше бөлүштүрүлбөйт, дивиденддер жарыяланбайт жана төлөнбөйт», — деп айтылат билдирүүдө.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда президентке баш ийген Тергөө комитети түзүлөт

Кыргызстанда президентке баш ийген Тергөө комитети түзүлөт

Президент Садыр Жапаров “Кабар” агенттигине берген маегинде күч түзүмдөрүн реформалоо боюнча кеңири өзгөрүүлөр даярдалып жатканын билдирип, жаңы Тергөө комитети түзүлөрүн айтты. Мамлекет башчысынын маалыматына караганда, жаңы түзүмгө бардык тергөө иштери өткөрүлүп берилет. Ал эми Башкы прокуратура жана Аскер прокуратурасы мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө функциясын сактап калат. Президент учурда Улуттук коопсуздук мамлекеттик

Камбар-Ата-1 ГЭСине баруучу көпүрөнүн курулушу активдүү жүрүүдө

Камбар-Ата-1 ГЭСине баруучу көпүрөнүн курулушу активдүү жүрүүдө

Нарын дарыясы аркылуу салынып жаткан көпүрө келечектеги Камбар-Ата-1 ГЭСинин негизги транспорттук объекттеринин бири болуп саналат. Ал станциянын оң жээгине түз транспорттук байланыш түзүп, курулушка керектүү материалдарды, оор техникаларды жана жумушчуларды өткөрүүгө шарт түзөт. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти. Көпүрөнүн көтөрүмдүүлүгү 400 тоннаны түзөт. Узундугу 200 метрге жакын, туурасы 11 метр.

Д.Трамп бардык өлкөлөргө 10% кошумча бажы төлөмүн киргизгенин билдирди

Д.Трамп бардык өлкөлөргө 10% кошумча бажы төлөмүн киргизгенин билдирди

Дональд Трамп бардык өлкөлөрдөн импорттолгон товарларга 10% кошумча бажы төлөмүн киргизүү тууралуу жарлыкка кол койгонун өзүнүн Truth Social социалдык тармагында билдирди. "Мен үчүн глобалдык 10% бажы төлөмүн бардык өлкөлөргө киргизгенимди маалымдоо чоң сыймык. Бул чара дээрлик дароо күчүнө кирет",-деп билдирди ал. Бул чечим АКШнын мурда белгилүү соода

Кош бойлуулук жана төрөт боюнча пособиени кимдер, кандай ала алышат?

Кош бойлуулук жана төрөт боюнча пособиени кимдер, кандай ала алышат?

Эмгек, социалдык камсыздандыруу жана миграция министрлиги  кош бойлуулук жанга төрөт боюнча маяна алуу тартиби тууралуу маалымат берди. Кош бойлуулук жана төрөттө боюнча пособие кимдерге берилет: * жумуш берүүчү менен кызматтык мамиледе болгон аялдар; * жеке ишкерлер; * дыйкан (фермер) чарбаларынын мүчөлөрү; * расмий түрдө жумушсуз деп таанылган, жумушсуздук пособиесине укуктуу аялдар. Пособие алуу үчүн