Бишкек шаарынын 2022-жылга бюджети бекитилди
Бишкек мэриясы 2022-жылга шаардын бюджетин бекитти. Бул тууралуу шаардык кеңештин маалымат кызматы билдирди.
Мэриянын берген маалыматына таянсак, 2022-жылга жергиликтүү бюджет 11.7 млрд сом деңгээлинде түзүлөт. Жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгү 14.3%га көбөйөт. Мэрия муниципалдык активдерди башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатууну пландаштырууда, анын эсебинен салыктык эмес кирешелерди 2.2 млрд сомго чейин көбөйтүү пландалууда.
Белгиленгендей, бул сумманын 1.8 млрд сому салыктан, дагы 2 млрд сому Муниципалдык менчикти башкаруудан түшөт.