Казакстан 11-апрелден баштап чет элдиктер үчүн жол чек арасын ачат
Казакстан 11-апрелден баштап чет элдиктер үчүн жердеги жол чек арасын ачат. Бул тууралуу ORDA порталы билдирди.
Казакстан Россия, Өзбекстан жана Кыргызстан менен чек арадагы өткөрүү пункттарында чектөөлөрдү алат.
Ошондой эле мамлекеттик чек арасынан аба аркылуу өтүүгө бардык чектөөлөр да алынып салынат.
Ошол эле учурда, COVID-19 илдетинин терс натыйжасы бар ПЦР-маалымдама каты талап кылынат. Же болбосо коронавируска каршы эмдөөнүн толук курсун аяктаган паспортту көрсөтүүгө болот.