Акылбек Жапаров 2030-жылга чейин кубаттуулугу 6 ГВт гидроэнергетиканы өндүрүүгө убада берди

Акылбек Жапаров 2030-жылга чейин кубаттуулугу 6 ГВт гидроэнергетиканы өндүрүүгө убада берди

Министрлер кабинети 2030-жылга чейин кубаттуулугу 6 ГВт ашуун гидроэнергетиканы өнүктүрүү боюнча артыкчылыктуу долбоорлорду аныктады. Бул туурасында «КРнын энергетика тармагын трансформациялоо» форумунда Минкабдын төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө Министрлер кабинети тарабынан энергетика тутумун туруктуу өнүктүрүүнү кайра куруу жана камсыздоо боюнча бир катар реформалар жүргүзүлүүдө.

Атап айтканда, энергетикалык компанияларды ирилештирүү жана алардын ишин оптималдаштыруу боюнча түзүмдүк реформалар башталган.

«Жакын арада Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушу башталат. Суу сактагычтын көлөмү дагы 6 млрд кубометрге чейин көбөйөт. Токтогул ГЭСине салыштырмалуу Камбар-Ата-1 ГЭСи электр энергиясын 1.5 эсе көп өндүрөт.

Бала-Саруу ГЭСинин курулушу башталып, анын курулушуна бюджеттен каражат бөлүнгөн.

Ошондой эле бүгүнкү күндө Дүйнөлүк банк тобу менен Ысык-Көл облусунда болжолдуу түрдө кубаттуулугу 100 МВт келген пилоттук күн долбоорун биргелешип ишке ашыруу маселеси боюнча тыгыз иштер жүргүзүлүп жаткандыгын белгилей кетүү зарыл.

Өлкөбүздүн гидроэнергетикалык потенциалынын 70%га жакыны ишке ашырылбай турат. Бул потенциалды өздөштүрүү максатында 2030-жылга чейин кубаттуулугу 6 ГВттан ашык гидроэнергетиканы өнүктүрүү боюнча артыкчылыктуу долбоорлор аныкталган», – деди Акылбек Жапаров.

Алдын ала эсептөөлөр боюнча, стратегиянын долбоорунда сунушталган реформаларды жана артыкчылыктуу инвестицияларды ишке ашыруу үчүн 2030-жылга чейин болжол менен 14 млрд доллар талап кылынат.

Акылбек Жапаров өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдү жана потенциалдуу инвесторлорду Министрлер кабинетинин пландарын биргелешип ишке ашырууга чакырып, тыгыз кызматташууга жана конструктивдүү сүйлөшүүлөргө толук даяр экендигин белгиледи.

Мындан тышкары окуңуз

Нарында 18 электр унаасын кубаттоочу станция иштеп жатат

Нарында 18 электр унаасын кубаттоочу станция иштеп жатат

Нарын облусунда электр унааларын колдонууга ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында 18 электр унаасын кубаттоочу станция иштеп жатат. Нарын электр тармактар ишканасынын маалыматына караганда, кубаттоочу станцияларды “Кыргызстан улуттук электр тармагы” облус аймагындагы электр унаа ээлеринин керектөөсүн камсыз кылып, экологиялык жактан таза транспорт түрүн өнүктүрүүгө жана электр энергиясын натыйжалуу пайдаланууга шарт түзүүдө. Электр

Чүй дарыясынын жээктерин бекемдөө иштери күчөтүлдү

Чүй дарыясынын жээктерин бекемдөө иштери күчөтүлдү

Курулуш министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Чүй региондук башкармалыгы Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлдөрү менен биргеликте Чүй дарыясындагы жээктерди бекемдөө иштерине көзөмөл жүргүзүүдө. Ведомствонун маалыматына ылайык, көзөмөлдүн негизги максаты — сел жана суу ташкындарынын алдын алуу, дарыя жээктеринин жуулуп кетишине жана жер көчкү коркунучуна жол бербөө. Ошондой эле дарыянын нугунун

Кочкордун Сары-Булак айыл өкмөтүнүн кызматкерлерине кылмыш иши козголду

Кочкордун Сары-Булак айыл өкмөтүнүн кызматкерлерине кылмыш иши козголду

Кочкор районунун прокуратурасы тарабынан жер мунапысын ишке ашыруунун алкагында, мыйзам талаптарынын сакталышы боюнча текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Маалыматка ылайык, 2023-жылы Кочкор районунун Сары-Булак айыл өкмөтүнүн жооптуу кызматкерлери Ак-Кыя айылынын тургундары М.О. жана М.С. аттуу жарандарга турак жай куруу үчүн 0,7 га

Кыргызстан менен Словения инвестициялык кызматташтыкты талкуулады

Кыргызстан менен Словения инвестициялык кызматташтыкты талкуулады

27-августта Инвестициялар боюнча улуттук агенттикте Словениянын RIKO компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, жолугушууда словениялык тарапка Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүгү, экономиканын артыкчылыктуу багыттары жана эл аралык өнөктөштүк үчүн келечектүү инвестициялык долбоорлор тууралуу маалымат берилди. "Биз келечектүү демилгелерди ишке ашырууга жана