Бизнестен саясатка. Президенттин кеңешчисинин кандай бизнестери бар? – Factcheck

Бизнестен саясатка. Президенттин кеңешчисинин кандай бизнестери бар? – Factcheck

4-апрелде Эркин Тентишев президенттин коомдук баштылыштагы кеңешчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин аппараты билдирди. Эске салсак, буга чейин Тентишев президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынан бошотулуп, ордуна анын мурдагы орун басары Нурил Алымбаев дайындалган. 

Factcheck.kg өлкө башчысынын жаңы кеңешчиси тууралуу кененирээк маалыматты текшерип көрдү жана төмөндө аты аталган басылманын макаласы өзгөртүүсүз берилет.

Эмгек жолу

Эркин Тентишев 2001-жылдан тарта үч жыл бою Кыргыз Республикасынын Ислам Республикасындагы дипломатиялык миссиясынын башкы консулу жана жетекчиси кызматын аркалаган. Андан соң, Тышкы иштер министрлигине караштуу Иммиграция фондунун директору болуп иштеген.

 2004 -жылы ал Канттагы Азия медициналык университетин негиздеген. Ачык булактардагы маалыматка ылайык, аталган окуу жайда 2018-жылы 1.5 миң студент билим алган. Медициналык факультетте жылдык окуунун баасы 135 миң сомго, стоматология факультетинде жылына 75 миң сомго жеткен. Контракттын суммасы жергиликтүү жана чет элдик студенттер үчүн бирдей болгон. Ал эми чет элдик студенттер үчүн жатаканалар контейнерлерден курулган.

Тентишев 2015-жылы Жогорку Кеңешке Канатбек Исаевге таандык болгон «Кыргызстан» партиясынын курамында аттанган. Тизмекте ал №6 болгон, бирок шайлоодо жеңишке ээ болгон эмес.

2020-жылкы президенттик шайлоодо ал Садыр Жапаровго үгүт жүргүзүп, социалдык тармактарда ал “учурдагы президентке” добуш берүүгө чакырган видео тараган. Буга байланыштуу БШКнын жумушчу тобу ага 7.5 миң сом айып салуу сунушун киргизген.

Президенттик шайлоодон үч өткөн соң Улукбек Мариповдун жарлыгы менен өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалган.

Ачык булактардагы маалыматка ылайык, Тентишев 16 жыл мурун эле мамлекеттик кызматты аркалап, жеке ишмердүүлүк менен алектенген. Садыр Жапаровдун тушунда ал дароо эле губернаторлук кызматты алган.

Кеңешчинин бизнеси

Тентишев бүгүнкү күндө дагы ишкерлик менен алектенерин osoo.kg сайты маалымдайт: 

“АВЕС” ЖЧКсы Тентишевдин наамында катталган алгачкы компаниялардын бири. Ал 1998-жылы каттоодон өткөн жана туризм тармагында иш алып барат. 

2000-жылы Эркин Тентишевдин иниси Эрик Тентишев “TRUST-ASIA” “ТРАСТ-АЗИЯ” компаниясын негиздеген. Кийин компания Эркин Тентишевдин колунан өткөн, ал мал чарбасы менен алектенет. 

Кеңешчиге таандык болгон даны бир компания “Ультра Проф Сервис” күзөт агенттигинин тең негиздөөчүлөрүнүн катарында Ногойбаев Адилет Кенешбекович жана милиция полковниги Мамыкеев Алымкул Чоткараевич бар. 

2014-жылы негизделген “Бирге элим” ЖЧКсы гезит чыгаруу менен алектенет. Ал бүгүнкү күнгө чейин салык төлөбөй келгенин белгилейбиз.  

“Эркин Эйр” ЖЧКсы 2019-жылы каттоодон өткөн. Эске салсак, Kloop.kg басылмасына берген маегинде ага эки учак таандык экенин айтып, авиакомпаниянын негиздеген жылы өлкөнүн экономикасына салым кошуу максатында сатып алганын айтып берген.

Жыйынтык: Эркин Тентишев президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматын аркалап, ошол эле убакта ишкерлик менен алектенген. Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө мыйзамдын 22-беренесине ылайык, мамлекеттик кызматкерге өзү же ишенимдүү жактар аркылуу ишкердик менен алектенүүгө, уюштуруу-укуктук формаларына карабастан чарба жүргүзүүчү субъекттерди башкарууга катышууга, ошондой эле бул үчүн кандай гана болбосун пайда алуу менен, жеке жана юридикалык жактарга ишкердик ишин жүзөгө ашырууга көмөк көрсөтүү үчүн өзүнүн кызматтык абалын пайдаланууга тыюу салынат. 

Мындан тышкары окуңуз

Нарында 18 электр унаасын кубаттоочу станция иштеп жатат

Нарында 18 электр унаасын кубаттоочу станция иштеп жатат

Нарын облусунда электр унааларын колдонууга ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында 18 электр унаасын кубаттоочу станция иштеп жатат. Нарын электр тармактар ишканасынын маалыматына караганда, кубаттоочу станцияларды “Кыргызстан улуттук электр тармагы” облус аймагындагы электр унаа ээлеринин керектөөсүн камсыз кылып, экологиялык жактан таза транспорт түрүн өнүктүрүүгө жана электр энергиясын натыйжалуу пайдаланууга шарт түзүүдө. Электр

Чүй дарыясынын жээктерин бекемдөө иштери күчөтүлдү

Чүй дарыясынын жээктерин бекемдөө иштери күчөтүлдү

Курулуш министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Чүй региондук башкармалыгы Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлдөрү менен биргеликте Чүй дарыясындагы жээктерди бекемдөө иштерине көзөмөл жүргүзүүдө. Ведомствонун маалыматына ылайык, көзөмөлдүн негизги максаты — сел жана суу ташкындарынын алдын алуу, дарыя жээктеринин жуулуп кетишине жана жер көчкү коркунучуна жол бербөө. Ошондой эле дарыянын нугунун

Кочкордун Сары-Булак айыл өкмөтүнүн кызматкерлерине кылмыш иши козголду

Кочкордун Сары-Булак айыл өкмөтүнүн кызматкерлерине кылмыш иши козголду

Кочкор районунун прокуратурасы тарабынан жер мунапысын ишке ашыруунун алкагында, мыйзам талаптарынын сакталышы боюнча текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Маалыматка ылайык, 2023-жылы Кочкор районунун Сары-Булак айыл өкмөтүнүн жооптуу кызматкерлери Ак-Кыя айылынын тургундары М.О. жана М.С. аттуу жарандарга турак жай куруу үчүн 0,7 га

Кыргызстан менен Словения инвестициялык кызматташтыкты талкуулады

Кыргызстан менен Словения инвестициялык кызматташтыкты талкуулады

27-августта Инвестициялар боюнча улуттук агенттикте Словениянын RIKO компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, жолугушууда словениялык тарапка Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүгү, экономиканын артыкчылыктуу багыттары жана эл аралык өнөктөштүк үчүн келечектүү инвестициялык долбоорлор тууралуу маалымат берилди. "Биз келечектүү демилгелерди ишке ашырууга жана