Кийинки жылдан тарта кимдердин жөлөкпулдары көтөрүлөт?

Кийинки жылдан тарта кимдердин жөлөкпулдары көтөрүлөт?

1-январдан тарта ар айлык социалдык жөлөкпулдардын өлчөмдөрү көбөйтүлөт. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин мамлекеттик социалдык төлөмдөр жөнүндө чечимдерди даярдоо башкармалыгынын башчысы Максат Туларбек кызы "Биринчи радионун" эфиринде билдирди.

Анын айтымында, майыптыгы бар балдардын жөлөкпулу 8000 сомдон 11000 сомго жогорулайт. Мындан тышкары, майыптыгы бар 18 жаштан ашкан жарандардыкы, оорудан улам майыптыгы барлардыкы 2000ден 3000 сомго чейин өсмөкчү.
Туларбек кызы Аксы, Апрель окуяларында жана Баткендеги чек ара жаңжалында жабыркагандарга, каза тапкандардын үй-бүлө мүчөлөрүнө төлөнүүчү жөлөкпулдар көтөрүлөрүн кошумчалады. Бирок бул категориядагылардыкына канча кошуларын ачыктаган жок.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Кыргызстанда негизги капиталга инвестициялар 422,9 млрд сомго жетип, 62,9%га өстү

Кара-Балтада экологиялык мыйзам бузуу фактысы аныкталды

Агроөнөр жай тармагындагы 2 074 субъектке 6 млрд сомго жакын жеңилдетилген насыя берилди

Акыркы беш жылда өлкөдө 5,6 миң чакырым жолго асфальт төшөлдү

Нарын районунда 150 орундуу мектептин курулушу 95%га жетти