Евробиримдик Кыргызстанга бюджетти колдоого жана билим берүүгө 32 млн евро берет
Евробиримдик Кыргызстанга бюджетти колдоого жана билим берүүгө 32 млн евро берет. 6-апрелде Европа Биримдиги КРда билим берүү тармагына жардам берүүнү улантуу үчүн 32 млн евро өлчөмүндөгү гранттык каржылоо келишимине Финансы министрлиги менен кол койду.
Берилген жалпы жардамдын 27 млн евросу бюджеттик колдоого жана 5 млн евросу техникалык жардам катары бөлүнгөн. Акыркысы кыргыз өкмөтүнө Евробиримдикке мүчө мамлекеттердин тажрыйбасын колдонууга мүмкүндүк берген биргелешкен ыкманы колдонууга жардам берет.
Бюджеттик колдоо программасынын 3-фазасы гендердик теңчиликти, инклюзивдик жана көп тилдүү билим берүүнү, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн билим берүүнү, ошондой эле шаардык жана айылдык мектептерде санариптик жана медиа көндүмдөрдү интеграциялоону улантууга багытталган.
Программа ошондой эле билим берүү компетенцияларын жана көндүмдөрүн санариптик доордун муктаждыктарына ылайык келтирүүгө жардам берүүнү көздөйт.
Белгилей кетсек, Евробиримдик 2014-2021-жылдары Кыргызстанга 72 млн еврого жакын каражат бөлгөн.