Кыргызстан мөмө-жемиштерди, эт жана сүт азыктарын Өзбекстанга экспорттоо боюнча 20 келишимге кол койду

Кыргызстан мөмө-жемиштерди, эт жана сүт азыктарын Өзбекстанга экспорттоо боюнча 20 келишимге кол койду

USAIDдин колдоосу менен Кыргызстандын айыл чарба компаниялары Өзбекстанга экспорт боюнча бир катар келишимдерге кол коюшканын аталган уюмдун маалымат кызматы кабарлады.

Өткөн жумада, АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттигинин (USAID) колдоосу менен Кыргызстандын он айыл чарба ишканасы Ташкент шаарында өткөн UzFood-2022 көргөзмөсүнө катышты.

Эл аралык азык-түлүк көргөзмөсүндө кыргыз компаниялары Өзбекстандын соода түйүндөрү жана тамак-аш жана суусундуктар менен алек ишканалар менен жолугушту. Кыргызстандын ишканалары мөмө-жемиштерди, эт жана сүт азыктарын экспорттоо боюнча 20 келишимге кол коюшту. Эң ири келишимдер 1.7 миң тонна алма жана 100 тонна жаңгак жана мисте экспорттоо боюнча түзүлдү.

Кыргызстандын делегациясынын курамына «Бай-Дыйкан», «Ишкер KG», «Келечек» кооперативдери, ошондой эле «Обид Файз» ЖЧКсы, «Ала-Бука Кыргыз-Эт» ЖЧКсы, «Абил» логистикалык борбору, ЖИ Якубжон Алимжанов, ЖИ Алмазбек Суранов, ЖК Дуулатов, ЖИ Суранов Алмазбек жана ЖИ Хадия киришти. Ишканалар Ош жана Жалал-Абад облустарынын айыл чарба азыктарын: алма, кара өрүк, мисте, жаңгак жана жаңгак майын, ошондой эле эт жана сүт азыктарын, шире жана суусундуктарды тартуулашты.

«Бул биздин ишкерлер үчүн Өзбекстандык өнөктөштөр менен жолугушууга, бизнес-идеяларды алмашууга, агрардык секторду өнүктүрүүнүн алдыңкы бизнес тенденциялары, тамак-аш өндүрүшү, ошондой эле технологиялар жана инновациялар менен таанышууга жакшы мүмкүнчүлүк түзөт», – деди Салтанат Эрбаева, кургатылган мөмө-жемиштерди кайра иштеткен ЖИ Дуулатов ишканасынын өкүлү.

  • UzFood – Борбор Азиядагы эң ири тамак-аш көргөзмөлөрүнүн бири. Өткөн жылы көргөзмөгө алдыңкы тамак-аш ишканаларынын, импортерлордун жана дистрибьюторлордун 4 миңден ашык өкүлдөрү катышкан.

«Жаңы рынокторго чыгуу – Кыргызстанда бизнести кеңейтүүнүн жана жумуш орундарын түзүүгө өбөлгө түзөт. Бул өнүгүүнүн, жаңы жумуш орундарын түзүүнүн жана кыргызстандыктардын кирешесин көбөйтүүнүн эң жакшы жолу. Антдыктан, USAID ишкерлерге Өзбекстан сыяктуу коңшу өлкөлөр менен бизнес байланыштарын чыңдоого жардам берүүнү улантата», – деди Эндрю Мэйбрук, USAIDдин Кыргыз Республикасындагы башчысынын милдетин аткаруучусу. 

Сапар Өзбекстан менен аймактык жана чек ара соодасынын өсүшүнө алып келүүчү кошумча нарк чынжырчасын чыңдоо аркылуу жумушчу орундарды түзүүгө жана кыргызстандык фермерлердин жана агробизнестердин кирешелерин жогорулатууга багытталган USAIDдин «Агросоода» долбоорунун алкагында уюштурулду

Мындан тышкары окуңуз

Нарында 18 электр унаасын кубаттоочу станция иштеп жатат

Нарында 18 электр унаасын кубаттоочу станция иштеп жатат

Нарын облусунда электр унааларын колдонууга ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында 18 электр унаасын кубаттоочу станция иштеп жатат. Нарын электр тармактар ишканасынын маалыматына караганда, кубаттоочу станцияларды “Кыргызстан улуттук электр тармагы” облус аймагындагы электр унаа ээлеринин керектөөсүн камсыз кылып, экологиялык жактан таза транспорт түрүн өнүктүрүүгө жана электр энергиясын натыйжалуу пайдаланууга шарт түзүүдө. Электр

Чүй дарыясынын жээктерин бекемдөө иштери күчөтүлдү

Чүй дарыясынын жээктерин бекемдөө иштери күчөтүлдү

Курулуш министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Чүй региондук башкармалыгы Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлдөрү менен биргеликте Чүй дарыясындагы жээктерди бекемдөө иштерине көзөмөл жүргүзүүдө. Ведомствонун маалыматына ылайык, көзөмөлдүн негизги максаты — сел жана суу ташкындарынын алдын алуу, дарыя жээктеринин жуулуп кетишине жана жер көчкү коркунучуна жол бербөө. Ошондой эле дарыянын нугунун

Кочкордун Сары-Булак айыл өкмөтүнүн кызматкерлерине кылмыш иши козголду

Кочкордун Сары-Булак айыл өкмөтүнүн кызматкерлерине кылмыш иши козголду

Кочкор районунун прокуратурасы тарабынан жер мунапысын ишке ашыруунун алкагында, мыйзам талаптарынын сакталышы боюнча текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Маалыматка ылайык, 2023-жылы Кочкор районунун Сары-Булак айыл өкмөтүнүн жооптуу кызматкерлери Ак-Кыя айылынын тургундары М.О. жана М.С. аттуу жарандарга турак жай куруу үчүн 0,7 га

Кыргызстан менен Словения инвестициялык кызматташтыкты талкуулады

Кыргызстан менен Словения инвестициялык кызматташтыкты талкуулады

27-августта Инвестициялар боюнча улуттук агенттикте Словениянын RIKO компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, жолугушууда словениялык тарапка Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүгү, экономиканын артыкчылыктуу багыттары жана эл аралык өнөктөштүк үчүн келечектүү инвестициялык долбоорлор тууралуу маалымат берилди. "Биз келечектүү демилгелерди ишке ашырууга жана