ТИМге шенген жана америкалык визасы бар туристтер үчүн КРга визасыз режимди киргизүүнү карап чыгуу тапшырылды

ТИМге шенген жана америкалык визасы бар туристтер үчүн КРга визасыз режимди киргизүүнү карап чыгуу тапшырылды

Шенген жана америкалык визасы бар туристтер үчүн КРга визасыз режимди киргизүү сунушталууда. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев туристтик бизнес-ассоциациялардын өкүлдөрү менен жолугушуу учурунда айтылды.

Тышкы иштер министрлигине шенген жана америкалык визасы бар туристтерге КРга кирүү үчүн визасыз режимди киргизүүнүн максатка ылайыктуулугун карап чыгуу жана бир айлык мөөнөттө КРнын, Өзбекстандын жана Казакстандын визалык режимдерин өз ара таануу маселесин иштеп чыгуу тапшырылды. 

Жолугушуунун жүрүшүндө туризм тармагын өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелери, анын ичинде туризм тармагынын стратегиясын иштеп чыгуу, коопсуздук маселелери, туризм тармагынын субъекттеринин реестрин түзүүнүн тартиби жана туристтер үчүн чакырууларды берүү механизми талкууланды.

Ошондой эле Экономика жана коммерция министрлигине туризм тармагын стимулдаштыруу боюнча программаны (материалдарды, техникаларды, жабдууларды ташып кирүүдө бажы алымдарынан жана салыктарынан бошотуу, ошондой эле эл аралык практиканы эске алуу менен дем берүүнүн башка түрлөрү) иштеп чыгуу мүмкүндүгүн иликтөө тапшырылды.

Кеңешменин жыйынтыгында Министрлер кабинетинин төрагасынын тийиштүү орун басарынын жетекчилиги астында бизнес жана кызыкдар мамлекеттик органдардын катышуусунда туризмди өнүктүрүү маселелерин координациялоо боюнча ведомстволор аралык комиссияны түзүү чечими кабыл алынды.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда президентке баш ийген Тергөө комитети түзүлөт

Кыргызстанда президентке баш ийген Тергөө комитети түзүлөт

Президент Садыр Жапаров “Кабар” агенттигине берген маегинде күч түзүмдөрүн реформалоо боюнча кеңири өзгөрүүлөр даярдалып жатканын билдирип, жаңы Тергөө комитети түзүлөрүн айтты. Мамлекет башчысынын маалыматына караганда, жаңы түзүмгө бардык тергөө иштери өткөрүлүп берилет. Ал эми Башкы прокуратура жана Аскер прокуратурасы мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө функциясын сактап калат. Президент учурда Улуттук коопсуздук мамлекеттик

Камбар-Ата-1 ГЭСине баруучу көпүрөнүн курулушу активдүү жүрүүдө

Камбар-Ата-1 ГЭСине баруучу көпүрөнүн курулушу активдүү жүрүүдө

Нарын дарыясы аркылуу салынып жаткан көпүрө келечектеги Камбар-Ата-1 ГЭСинин негизги транспорттук объекттеринин бири болуп саналат. Ал станциянын оң жээгине түз транспорттук байланыш түзүп, курулушка керектүү материалдарды, оор техникаларды жана жумушчуларды өткөрүүгө шарт түзөт. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти. Көпүрөнүн көтөрүмдүүлүгү 400 тоннаны түзөт. Узундугу 200 метрге жакын, туурасы 11 метр.

Д.Трамп бардык өлкөлөргө 10% кошумча бажы төлөмүн киргизгенин билдирди

Д.Трамп бардык өлкөлөргө 10% кошумча бажы төлөмүн киргизгенин билдирди

Дональд Трамп бардык өлкөлөрдөн импорттолгон товарларга 10% кошумча бажы төлөмүн киргизүү тууралуу жарлыкка кол койгонун өзүнүн Truth Social социалдык тармагында билдирди. "Мен үчүн глобалдык 10% бажы төлөмүн бардык өлкөлөргө киргизгенимди маалымдоо чоң сыймык. Бул чара дээрлик дароо күчүнө кирет",-деп билдирди ал. Бул чечим АКШнын мурда белгилүү соода

Кош бойлуулук жана төрөт боюнча пособиени кимдер, кандай ала алышат?

Кош бойлуулук жана төрөт боюнча пособиени кимдер, кандай ала алышат?

Эмгек, социалдык камсыздандыруу жана миграция министрлиги  кош бойлуулук жанга төрөт боюнча маяна алуу тартиби тууралуу маалымат берди. Кош бойлуулук жана төрөттө боюнча пособие кимдерге берилет: * жумуш берүүчү менен кызматтык мамиледе болгон аялдар; * жеке ишкерлер; * дыйкан (фермер) чарбаларынын мүчөлөрү; * расмий түрдө жумушсуз деп таанылган, жумушсуздук пособиесине укуктуу аялдар. Пособие алуу үчүн