Жакынкы жылдары Камбар-Ата ГЭС-1дин биринчи агрегатын ишке киргизебиз – Акылбек Жапаров
Жакынкы 3-5 жылда Камбар-Ата ГЭС-1дин биринчи агрегатын ишке киргизебиз. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бүгүн, 8-апрелде өтүп жаткан Эл аралык энергетикалык форумда билдирди.
Анын айтымында, биринчи этапта 498 млн долларды мобилизациялоо керек.
«Жакынкы 3-5 жылда биз 640 МВт кубаттуулуктагы биринчи агрегатты ишке киргизгени жатабыз, бул кубаттуулугу Камбар-Ата ГЭС-2ни толук көлөмдө ишке киргизүүгө мүмкүндүк берет. Жакын арада үч агрегат тең иштейт деген ишенимдебиз. Камбар-Ата ГЭС-2нин экинчи агрегатынын ишке киришине да күбө болобуз», – деген Жапаров бул долбоорлорго ЕӨБ жана антикризистик фонд жардам берип жатканын кошумчалады.
Ошондой эле минкабдын төрагасы Кыргызстандын электр жарыгын керектөөсү тынбай өсүп жатканын жана ага жараша аны генерациялоонун кубаттуулугун көтөрүү боюнча чаралар көрүлүп жатканын айтты.
Ошондой эле Жапаров Камбар-Ата ГЭС-1дин биринчи агрегаты жана Камбар-Ата ГЭС-2 электр энергиясын 1 млрд кВт көбөйтөөрүн билдирди.
Түшүнүктүүрөөк кылып айта турган болсок, бул 3-4 млрд кВт сааттын тегерегинде. Учурда экономикалык өсүштү колдоого дал ушул көлөм жетишпей турат», – деди ал.