Кытай Ысык-Көл облусунда кубаттуулугу 1000 мВт күн электр станциясын курат

Кытай Ысык-Көл облусунда кубаттуулугу 1000 мВт күн электр станциясын курат

Энергиянын кайра жаралуучу булактары тармагындагы долбоорлорду өнүктүрүү боюнча тапшырмасын аткаруу алкагында Ысык-Көл облусунда 1000 мВт күн электр станциясын куруу боюнча Инвестициялык келишимге кол коюлду.

Меморандумга кол коюу аземи «КРнын энергетика секторун трансформациялоо» форумунда өттү.

Документке КР Министрлер кабинетинин атынан энергетика министри Доскул Бекмурзаев менен Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев бир тараптан жана экинчи тараптан курамына «China Power International Development Limited (CPID)» жана «China Railway 20 Bureau Group Corporation (CR20G)» кирген кытай энергетика консорциумунун ортосунда кол коюлду. 

China Power International Development Limited дүйнөдөгү күн энергиясын өндүрүүчү эң ири компания болуп саналат жана Пакистан, Вьетнам, Казакстан, Германия, Австралия, Бразилия, Чили жана Мексика сыяктуу өлкөлөрдө иштейт. Кызматкерлердин саны 12 миңден ашуун адамды түзөт. Компаниянын жалпы орнотулган кубаттуулугу 48.7 ГВт (биздин өлкөдө, салыштыруу үчүн – 3.93 ГВт).

China Railway 20th Bureau Group Corporation 1948-жылы түзүлгөн жана өз ишмердүүлүгүн Ангола Республикасы, Монголия, Мозамбик Республикасы, Бразилия, Пакистан сыяктуу өлкөлөрдө жүргүзөт. Кызматкерлердин саны 20 миңден ашуун адамды түзөт. Жогоруда аталган мамлекеттердеги инвестициясынын жалпы көлөмү 6.1 млрд АКШ долларын түзөт.

Ошондой эле Министрлер Кабинети «EcoEner» испан энергетикалык компаниясы менен күн электр станциясын жана ГЭС куруу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумга да кол койду. Анын алкагында Ысык-Көл облусунда 260 МВт күн электр станциясын жана ГЭС куруу пландалууда.

Мындан тышкары окуңуз

Нарында 18 электр унаасын кубаттоочу станция иштеп жатат

Нарында 18 электр унаасын кубаттоочу станция иштеп жатат

Нарын облусунда электр унааларын колдонууга ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында 18 электр унаасын кубаттоочу станция иштеп жатат. Нарын электр тармактар ишканасынын маалыматына караганда, кубаттоочу станцияларды “Кыргызстан улуттук электр тармагы” облус аймагындагы электр унаа ээлеринин керектөөсүн камсыз кылып, экологиялык жактан таза транспорт түрүн өнүктүрүүгө жана электр энергиясын натыйжалуу пайдаланууга шарт түзүүдө. Электр

Чүй дарыясынын жээктерин бекемдөө иштери күчөтүлдү

Чүй дарыясынын жээктерин бекемдөө иштери күчөтүлдү

Курулуш министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Чүй региондук башкармалыгы Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлдөрү менен биргеликте Чүй дарыясындагы жээктерди бекемдөө иштерине көзөмөл жүргүзүүдө. Ведомствонун маалыматына ылайык, көзөмөлдүн негизги максаты — сел жана суу ташкындарынын алдын алуу, дарыя жээктеринин жуулуп кетишине жана жер көчкү коркунучуна жол бербөө. Ошондой эле дарыянын нугунун

Кочкордун Сары-Булак айыл өкмөтүнүн кызматкерлерине кылмыш иши козголду

Кочкордун Сары-Булак айыл өкмөтүнүн кызматкерлерине кылмыш иши козголду

Кочкор районунун прокуратурасы тарабынан жер мунапысын ишке ашыруунун алкагында, мыйзам талаптарынын сакталышы боюнча текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Маалыматка ылайык, 2023-жылы Кочкор районунун Сары-Булак айыл өкмөтүнүн жооптуу кызматкерлери Ак-Кыя айылынын тургундары М.О. жана М.С. аттуу жарандарга турак жай куруу үчүн 0,7 га

Кыргызстан менен Словения инвестициялык кызматташтыкты талкуулады

Кыргызстан менен Словения инвестициялык кызматташтыкты талкуулады

27-августта Инвестициялар боюнча улуттук агенттикте Словениянын RIKO компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, жолугушууда словениялык тарапка Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүгү, экономиканын артыкчылыктуу багыттары жана эл аралык өнөктөштүк үчүн келечектүү инвестициялык долбоорлор тууралуу маалымат берилди. "Биз келечектүү демилгелерди ишке ашырууга жана