58 жашта аялдар жаш бойдон. Соцфонд аялдардын пенсияга чыгуу курагын 60 жашка чейин жогорулатууну сунуштады

58 жашта аялдар жаш бойдон. Соцфонд аялдардын пенсияга чыгуу курагын 60 жашка чейин жогорулатууну сунуштады

Бүгүн, 11-апрелде өткөн Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитети тарабынан уюштурулган Пенсиялык системаны реформалоо боюнча парламенттик угууда Социалдык фонддун төрагасынын орун басары Гүлнура Жуматаева аялдардын пенсия курагын 60 жашка чейин жогорулатуу боюнча Соцфонддун сунушун киргизди.

Анын айтымында, өлкөдө пенсионерлердин 70% аялдар жана алардын жашоо узактагы эркектерге караганда жогору.

«Улуттук статистика комитети жыл сайын жашоо узактыгы 3.5-4 айга өсүп жатканын билдирүүдө. Ага ылайык, азыр аялдардын өмүрүнүн узактыгы орточо 76 жашты, ал эми эркектердики 68 жашты түзүүдө.

Биз азырынча пенсия курагын теңдөө тууралуу сөз кылган жокпуз, аялдардын пенсия курагын 58ден 60ка чейин көтөрүүнү сунуштап жатабыз. Чындыгында мамлекеттик кызматта 58 жаштан эч кимдин пенсияга кеткиси келбейт. Аялдар 58 жашта дагы эле жаш бойдон», – деди Жуматаева.

Ал эми Социалдык саясат боюнча комитетинин төрайымы Динара Ашимова электр энергиясы үчүн компенсация төлөө ченемин жаңы пенсия чектөөдө жоюу сунушу катаал кадам экенин белгиледи.

«Муну менен катар иштеп жаткан пенсионерлерге пенсиянын базалык бөлүгүн бербөөнү сунуштап жатасыңар. Бул туура эмес. Аларды конституциялык укугунан чектөөгө кандай акыңар бар. Андыктан ар бир сунушту негиздеп бергиле», – деди ал.

Ошондой эле депутат Камила Талиева реформаны ишке ашырууда аймактардын өзгөчөлүгүн эске алуу зарылчылыгын белгилеп, буга чейин да ар кандай демилгелер көтөрүлгөн менен каржынын жоктугунан ишке ашпай калганын эске салды.

Андан тышкары, Кыргызстан пенсионерлер партиясынын төрайымы Замира Шабданалиева пенсиялык саясат боюнча жарандарга маалымат жетишсиз экенин белгилеп, бардык айыл-шаарларда түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарылчылыгына токтолду.

Мындан тышкары окуңуз

Нарында 18 электр унаасын кубаттоочу станция иштеп жатат

Нарында 18 электр унаасын кубаттоочу станция иштеп жатат

Нарын облусунда электр унааларын колдонууга ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында 18 электр унаасын кубаттоочу станция иштеп жатат. Нарын электр тармактар ишканасынын маалыматына караганда, кубаттоочу станцияларды “Кыргызстан улуттук электр тармагы” облус аймагындагы электр унаа ээлеринин керектөөсүн камсыз кылып, экологиялык жактан таза транспорт түрүн өнүктүрүүгө жана электр энергиясын натыйжалуу пайдаланууга шарт түзүүдө. Электр

Чүй дарыясынын жээктерин бекемдөө иштери күчөтүлдү

Чүй дарыясынын жээктерин бекемдөө иштери күчөтүлдү

Курулуш министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Чүй региондук башкармалыгы Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлдөрү менен биргеликте Чүй дарыясындагы жээктерди бекемдөө иштерине көзөмөл жүргүзүүдө. Ведомствонун маалыматына ылайык, көзөмөлдүн негизги максаты — сел жана суу ташкындарынын алдын алуу, дарыя жээктеринин жуулуп кетишине жана жер көчкү коркунучуна жол бербөө. Ошондой эле дарыянын нугунун

Кочкордун Сары-Булак айыл өкмөтүнүн кызматкерлерине кылмыш иши козголду

Кочкордун Сары-Булак айыл өкмөтүнүн кызматкерлерине кылмыш иши козголду

Кочкор районунун прокуратурасы тарабынан жер мунапысын ишке ашыруунун алкагында, мыйзам талаптарынын сакталышы боюнча текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Маалыматка ылайык, 2023-жылы Кочкор районунун Сары-Булак айыл өкмөтүнүн жооптуу кызматкерлери Ак-Кыя айылынын тургундары М.О. жана М.С. аттуу жарандарга турак жай куруу үчүн 0,7 га

Кыргызстан менен Словения инвестициялык кызматташтыкты талкуулады

Кыргызстан менен Словения инвестициялык кызматташтыкты талкуулады

27-августта Инвестициялар боюнча улуттук агенттикте Словениянын RIKO компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, жолугушууда словениялык тарапка Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүгү, экономиканын артыкчылыктуу багыттары жана эл аралык өнөктөштүк үчүн келечектүү инвестициялык долбоорлор тууралуу маалымат берилди. "Биз келечектүү демилгелерди ишке ашырууга жана