Улуттук банк комбанктар менен Санарип сом концепциясынын долбоорун талкуулады

Улуттук банк комбанктар менен Санарип сом концепциясынын долбоорун талкуулады. Бул тууралуу регулятордун маалымат кызматы билдирди.

Улуттук банк коммерциялык банктардын, төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда коомдук талкуунун жыйынтыгы боюнча Санарип сом концепциясынын долбоорун талкуулоо үчүн тегерек стол өткөрдү. 

«Тегерек столдун жүрүшүндө Концепциянын долбоорунун негизги жоболору, Концепцияны ишке ашыруу маселелери жана ыкмалары, санарип сомдун артыкчылыктары жана мындан келип чыгуучу тобокелдиктер, ошондой эле санарип сомдун өлкөнүн финансы рыногуна тийгизген таасири, финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоону камсыз кылуу маселелери талкууланды», – деп айтылат билдирүүдө. 

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

Ат-Башыда жылытуу үчүн колдонулган отундардын сапаты текшерилди

Жалгыз бой ата-энелерге иштен эрте кетүүгө же кечигүүгө укук берүү сунушталууда

Нарын облусунда 9 айда 95 ишкана ачылып, 464 жумуш орду түзүлдү

Жайыттар калыбына келтирилип, жолдору оңдолмокчу

Кийинки жылдан тарта кимдердин жөлөкпулдары көтөрүлөт?