«Жалпы иш» коомдук фонду парламенттик шайлоого байкоо жүргүзүүнүн жыйынтыктары боюнча финалдык отчётун жарыялады

«Жалпы иш» коомдук фонду 2021-жылдын 28-ноябрында болуп өткөн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого көз карандысыз байкоо жүргүзүүнүн жыйынтыктары тууралуу финалдык отчетту даярдады. Байкоо жүргузүү мөөнөтү – 2021-жылдын 29-августунан 25-декабрына чейин.

2021-жылдын 28-ноябрында өткөн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого «Жалпы иш» фонддун байкоосунун маалыматы боюнча, жалпысынан шайлоону уюштуруу жана өткөрүү улуттук мыйзамдардын нормаларына

жана эл аралык стандарттарга ылайык өттү. Ошол эле учурда байкоо жүргүзүү процессинде чогултулган маалыматтарды комплекстүү талдоо мамлекеттик органдар тарабынан да, жарандар тарабынан да көңүл бурууну талап кылган бир катар көйгөйлөрдү көрсөтөт.

Келечекте талапкерлердин тең укуктуулук принцибин ишке ашыруу, партиялык курулушту стимулдаштыруу, аялдардын, жаштардын жана башка азыраак өкүлчүлүк болгон топтордун саясатка катышуусуна көмөктөшүү, реалдуу тандоонун пайда болушу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү түзүү менен байланышкан шайлоочулар жана саясий талапкерлердин ортосундагы маселелерди чечүү керек.

Шайлоочулардын аз катышуусу олуттуу тынчсызданууну жаратат. Шайлоо системасынын өзгөрүшү да 2021-жылы өткөн бир нече шайлоолордо добуш берүүнүн төмөндөө тенденциясын жокко чыгарган жок жана шайлоочулардын катышуусун жогорулатууга алып келе алган жок.

Шайлоо алдындагы үгүт иштери атаандаштык менен мүнөздөлгөн, бирок, саясий партиялардын жана талапкерлердин олуттуу финансылык ресурстары теңсиз жана ачык үстөмдүгү болгон. Үгүт өнөктүгүнүн жүрүшүндө негизги эркиндиктер сакталып, добуштарды сатып алуу жана “административдик ресурсту” кыянаттык менен пайдалануу менен күрөшүү боюнча аракеттер байкалды. Жаңы шайлоо системасы жана саясий атаандаштыктын болушу шайлоочулардын аз катышуусунун тенденциясын буза алган жок. Шайлоочулардын аз катышуусу көптөгөн шайлоочулардын көңүлү калганын көрсөтүп турат.

Отчетту толугу менен төмөнкү шилтеме аркылуу окуса болот.

Read more

Талас өнүктүрүү фонду минералдык суу чыгаруучу кичи заводду ишке киргизүүгө колдоо көрсөттү

Талас өнүктүрүү фонду минералдык суу чыгаруучу кичи заводду ишке киргизүүгө колдоо көрсөттү

Талас районунун Беш-Таш айылында быйыл күзүндө Арашан бренди менен ичүүчү минералдык суу чыгаруучу кичи завод иштей баштайт. Долбоор Талас районунун өнүктүрүү фондунун каржылык колдоосу менен ишке ашырылууда. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди. Башкармалыкта белгиленгендей, ишкананын курулушуна 10,1 млн сом каралса, анын 7 млн сому жабдууларды сатып алууга бөлүнгөн.

Альянс Алтын лабораториясы ISO/IEC 17025:2019 эл аралык аккредитациясын алды

Альянс Алтын лабораториясы ISO/IEC 17025:2019 эл аралык аккредитациясын алды

«Альянс Алтын» ЖЧКсынын Борбордук анализ жана аналитикалык лабораториясы ISO/IEC 17025:2019 эл аралык стандартына ылайыктуулугу боюнча аккредитациялык сертификатка ээ болду. Бул тууралуу компаниянын басма сөз кызматы билдирди. Компания белгилегендей, бул стандарт сыноо жана калибрлөө лабораторияларынын компетенциясына талаптарды белгилейт жана алардын масштабына карабастан лабораториялык сыноолорду жүргүзгөн бардык уюмдарга жайылтылат. Аккредитация

«Альянс Алтын» 1000-кызматкерин кабыл алды

«Альянс Алтын» 1000-кызматкерин кабыл алды

2025-жылдын 23-июлунда «Альянс Алтын» компаниянын расмий штаттык курамына 1000-кызматкер кабыл алынды. Бул тууралуу ишкана билдирди. Такталгандай, жаңы кызматкер Сасык-Булак айылынын (Шумкар-Уя айыл аймагы) тургуну Сыргак уулу Бекболсун болду. Ал 18-июлда ишкананын Автотранспорт башкармалыгынын Автоунааларды оңдоо кызматына нөөмөтчү автослесарь болуп жумушка орношкон. Бул символикалык сан кызматкерлердин катары көбөйүп жатканын гана эмес,

Таласта аймакты өнүктүрүү стратегиясы кабыл алынды — «Альянс Алтын» ишке ашырууга жардам берет

Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү облустун социалдык-экономикалык өнүгүү стратегиясын кабыл алды. Ишке ашырууну министрлер кабинети «Альянс Алтын» компаниясы менен биргеликте ишке ашырат. Бул тууралуу облус жетекчиси Эрмат Жумаев билдирди. Долбоорлорду ишке ашыруу жаңы жумуш орундарын түзүп, аймактын ар тараптуу өнүгүүсүнө стимул болот деген ишенимин билдирди. «Акыркы 10 жылда «Альянс