31-майга чейин бардык соода түйүндөрүндө POS-терминалдар орнотулушу керек – болбосо, 5000 сомго чейин айып пул салынат
Соода жана тейлөө ишканаларынын өкүлдөрү 31-майга чейин банктын төлөм карталарын же электрондук акчалай төлөмдөрүн кабыл алуу үчүн керектүү жабдууларды орнотушу керек. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.
Ошондой эле аталган мекеме эгерде соода түйүндөрүндө POS-терминал жок болсо, жеке жактарга 1000 сом, юридикалык жактарга 5000 сом өлчөмүндө айып пул салынаарын эскертет.
«Бүгүнкү күндө санариптештирүү шартында накталай эмес төлөм формасына өтүү ишкерлер үчүн да, керектөөчүлөр үчүн да пайдалуу, анткени бул коопсуз тейлөө болуп саналат», – деп айтылат билдирүүдө.
Ошондой эле Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги накталай эмес төлөмдөрдү колдонуу менен жасалма банкнотторду кабыл алуу коркунучу азаярын белгиледи.