Мекенинде бизнес ачыш үчүн четте иштеген Саринжи Нурдинбаев

Мекенинде бизнес ачыш үчүн четте иштеген Саринжи Нурдинбаев

Бир нече жыл мурда Саринжи Нурдинбаев үй-бүлөсүн багуу үчүн Улуу Британияга сезондук жумушка кетүүгө мажбур болгон. Ал эми бүгүнкү күндө жубайы экөө Раззаков шаарында өзүнүн кондитердик цехин, кофеканаларын ачып, кыргызстандыктар үчүн жумуш орундарын түзүп жатышат. Маектешүүдө ишкер эмгек миграциясынан кайтып, өз ишин ачууга кандай жагдайлар түрткү болгонун айтып берди.

Мекенинде иш табылбай...

Саринжинин ийгилигинин таржымалы адатта биз медиада окуп келген укмуштуудай бир баяндардан кескин айырмаланат. Ал 1986-жылы Лейлек районунун Көк-Таш айылында карапайым үй-бүлөдө туулган: атасы эт комбинатында иштечү, апасы болсо бухгалтер. Мектепти бүтүргөндөн кийини Саринжи Дене тарбия жана спорт академиясына тапшырып, дене тарбия жана аскерге даярдоо мугалими адистигин алган. Көп өтпөй Жусуп Баласагын атындагы КУУда “юриспруденция” адистиги боюнча экинчи жогорку билимди алган. Өз адистиги боюнча иштеп, карьера курууну пландап жүргөн эле.

“Окууну бүтүргөндөн кийин үйлөндүм. Ошол кездеги көптөгөн жаштар сыяктуу эле кесибим боюнча жумушка орношо албай койдум, себеби айлык аз болчу. Курулушта, андан кийин күзөт кызматында иштедим. 2016-жылы Лейлек райондук администрациясына ишке орноштум”, - деп эскерет Саринжи Нурдинбаев.

Алты жыл жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында иштеп, адистен баштап, айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басарына чейин жетти. Бирок, андан ары бул багытта эмгек жолун уланткан жок. Маңдайына жазылганы башка экен.

“2022-жылы биринчи жолу эмгек миграциясына кетүүгө аргасыз болдум. Мекенимде тапкан акча эч нерсеге жетпей, өп-чап жашоодон чарчап, ушундай кадамга батындым. Жубайым иштечү эмес, ал учурда декреттик өргүүдө эле. Кыйын эле күндөр өттү. Мен анкетаны толтуруп, тандоодон өтүп, Улуу Британияга сезондук жумушка барган алгачкы кыргызстандыктардын катарында болдум”, - дейт маектешибиз.

Жүрөктү эзген кусалык

Саринжи биринчи тажрыйбасы оңой болбогонун мойнуна алат. Бул миграциядан күткөндөрү чыныгы турмушта таптакыр башкача болуп чыкты. Мекенинен, үйүнөн алыста жаңы шарттарга көнүү оор болду.

“Алгачкы айларда моралдык жактан да, физикалык жактан да оор болду. Өмүрүмдө биринчи жолу үй-бүлөмдөн мынчалык узакта жашадым, буга чейин алардан эч качан алыстачу эмес элем. Жакындарымды жана мекенимди абдан сагындым. Чет тилин, эрежелерди билбегеним да кошумча сыноо болду. Британияда айыл чарбасында иштедим: кулпунай, капуста, алма, гүл терип, талаада, кампаларда, күнөсканаларда иштедим. 2022-жылы ноябрда мекениме кайтып келатып, мындан ары эч качан чет өлкөгө барбайм деп ойлогом. Дал ошондо өз ишимди ачуу идеясы пайда болду. Мен Британиядан акча таап келип, ошого иш баштайын деп чечтим”, - дейт Саринжи Нурдинбаев.

Жаш үй-бүлөнүн алдында суроо жаралды: кайсы багытты тандап, чогулткан акчаны канип жумшаса болот? Жубайы Курбангүл Ниязова кондитердик цех ачууну сунуштады; ал таттууга буйрутма алып, аны үйдө эле жасай берчү.

“Үйдө иштөө кыйын эле: үй тиричилиги бар, кир жууйт, балдарды карайт, анан буга кошумча буйрутмаларды да алат. Жубайым мага “өзүнчө цех ачалы, эртең менен ишке кетип, кечинде үйгө кайтып эс алабыз”, -деди. Мен анын идеясын колдоп, экөөбүз чакан кондитердик цех ачтык. Адегенде биз буйрутма менен гана иштечүбүз, аздыр-көптүр кардарларыбыз бар эле. Эки-үч айдан кийин ишибизди кеңейтели деп чечтик, ал эми бул үчүн акча керек эле. Бизнесимди өнүктүрүү үчүн акча табуу максатында кайрадан Улуу Британияда иштеп келүүгө мажбур болдум”, - деп айтып берди ишкер.

Жаңы кыйынчылыктар жана чечкиндүү кадам

Бизнести ачып жатып, жубайлар топтоп жүргөн 150 миң сомго жакын акчасын жумшашкан. Имарат жай таап, жабдууларды, чийки зат сатып алып, ишти башташкан.

 “Башында өзгөчө деле кыйынчылык болгон эмес, себеби акча да, ресурстар да бар болчу. Ишти кеңейтип, сатуунун көлөмү көбөйө баштаганда кыйынчылыктар башталды. Ошондо чындап кыйналдык. Өзгөчө кофекананы ачып жаткан үчүнчү жана төртүнчү жылдар оор болду”, - деп эскерет Саринжи Нурдинбаев.

Саринжи акыркы жолу миграцияга кетип баратканда ишке салынган акча өзүн актабай, бизнес банкротко учурабаса болду деп түйшөлүп жолго чыкканын мойнуна алат. Бактыга жараша, андай болгон жок: үй-бүлөлүк бизнес ийгиликтүү өнүгө баштады.

Буга Эл аралык миграция уюмунун “1+1” кошо каржылоо боюнча пилоттук демилгесине катышканы абдан көмөкчү болду. Бул программа тууралуу Саринжи Улуу Британияда иштеп жүргөндө тааныштарынан угуп калган. Жубайлар өтүнмө жиберип, тандоодон өтүп, финансылык сабаттуулук жана бизнес-пландоо боюнча кыска курска катышып, бизнес-долбоор жазып, натыйжада 350 миң сом өлчөмүндө грант утуп алышкан.

“Учурда “NIYAZOVA кондитердик үйү” цехинде биз негизинен буйрутмага торт жасайбыз. Бизге туулган күнгө, үйлөнүү тоюна жана майрамдарга карата буйрутма беришет. Ошондой эле адаттан тыш таттууларды жасайбыз. Өндүрүштү негизинен жубайым көзөмөлдөйт. Ал өнөрүн тынымсыз өркүндөтүп, Орусияда кондитер Александр Кислицындан жана Ташкентте “София” кондитердик үйүндө окуп келген. Заман талабына жараша таттууларды, макарондорду, айтор, тренд болуп жаткандын баарын жасайбыз. Негизги азыгыбыз “NIYAZOVA coffee” деген эки кофеканабызда сатылат. Тортторго да буйрутма алабыз. Биздин продукциябызды айрыкча жаштар көп алат. Биз үчүн эң башкысы сапат: биз сапаттуу жана кымбат азыктарды колдонобуз. Азыр бизнесте тогуз адам иштейт: кондитерлер, сатуучулар, буйрутма боюнча менеджер, жубайым жана мен”, - дейт маектешибиз.

Миграцияга кетпестен жашоо жана келечекке пландар

Саринжинин айтымында, бизнести кеңейтип жатканда акчадан тышкары, эң кыйыны – кадр маселеси. Жаштар бир орунда көпкө кармалбайт. Убакыттын өтүшү менен жубайлар 35 жаштан 40 жашка чейинки курактагы адамдарды жалдай башташты. Мындан тышкары, салык системасы жана социалдык чегерүүлөр чакан бизнести абдан чүнчүтүп салууда.

 “Башында товар жүгүртүүбүз айына 120 миң сомдун тегерегинде болсо, азыр 600 миңге жетип калды. Аялым экөөбүз ишти мындан ары дагы кеңейткибиз келет. Бизнести өнүктүрүү керек, антпесе ал токтоп калат же жабылат. Ири цех ачып, аны кеңейтип, өндүрүшкө жарым-жартылай даяр азыктарды, ун азыктарын кошуп, азык-түлүк дүкөндөрүн камсыздап, көлөмүн көбөйтүп, жаңы жумуш орундарын түзөлү деп жатабыз”, - деп планы менен бөлүштү ишкер.

Учурда миграцияда жүрүп, акча таап, бирок кайтып келүүдөн корккондорго Нурдиновдор бир кеңеш беришет: биринчи кезекте коркуу сезиминен арылып, эң негизгиси – биринчи кадамды ташташ керек.

“Мен чогуу иштеген балдарга да дайыма айтчумун: тапкан акчаны машина сатып алганга же ремонтко сарптабагыла. Машина алганга дагы үлгүрөсүңөр. Үй-бүлөңөрдү кантип багасыңар? Туруктуу киреше алып келчү чакан, бирок өзүңдүн ишиңди ачкан жакшы эмеспи. Машинаны, үйдү кийин деле сатып алса болот. Ал эми бизнес киреше да алып келет, сыртка чыкпастан, үйдөн эле иштөөгө мүмкүнчүлүк берет. Кыйынчылыктар сөзсүз болот, күмөн санаган, жада калса өкүнгөн учурлар да болот, бул кадыресе көрүнүш. Эң негизгиси – өз ишиңди баштап, аны өнүктүрүңүз”, - деп сөзүн жыйынтыктады Саринжи Нурдинбаев.
Бул басылма Эл аралык өнүгүү үчүн Улуу Британия өкмөтүнүн каржылык колдоосу менен ишке ашырылууда. Бул басылманын мазмуну сөзсүз түрдө Улуу Британиянын өкмөтүнүн расмий көз карашын чагылдырбайт.

Мындан тышкары окуңуз

Эттин баасын жеткиликтүү сатып алууга болот

Эттин баасын жеткиликтүү сатып алууга болот

Эттин баасынын кескин өсүшүнө жол бербөө жана калк үчүн жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында тиешелүү чаралар көрүлүп жатат. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынан билдиришти. Кызматтын маалыматына ылайык, учурда эттин баасынын өсүшүнө объективдүү негиз жок. Республикада малдын саны өсүп жатканы белгиленип, жайыт мезгили аяктап, малдын жайлоодон түшүшү менен эттин баасынын

Бишкекте 3 эм төрөлдү. Эненин боюнда 4 эм болуп, төртүнчүсү өспөй калган

Бишкекте 3 эм төрөлдү. Эненин боюнда 4 эм болуп, төртүнчүсү өспөй калган

Бүгүн, Улуттук эне жана баланы коргоо борборунун Перинаталдык борборунда өзгөчө татаал кош бойлуулуктагы аялга кесарево жолу менен операция жасалды. Аялдын кош бойлуулугу алгач төрт эм болгон жана табигый жол менен, ЭКОнун жардамысыз жаралган. Кош бойлуулуктун 19-жумасында түйүлдүктөрдүн бири өнүгүүсүн токтоткон. Калган кош бойлуулукту дарыгерлер тыкыр көзөмөлдөп, сактап калуу үчүн

Бишкекте киберкоопсуздук боюнча улуттук фестиваль өтөт

Бишкекте киберкоопсуздук боюнча улуттук фестиваль өтөт

22-сентябрда Бишкектеги “Жаштык Арена” аянтчасында Кыргызстандын киберкоопсуздугуна арналган улуттук “CYBERNOMAD FEST 2026” фестивалы өтөт. Мындай маалыматты УКМКнын басма сөз кызматты жарыялады. Билдирүүгө караганда, иш-чарага мамлекеттик органдардын, маанилүү маалыматтык инфраструктуранын субъекттеринин, банктардын жана каржы уюмдарынын, телекоммуникациялык жана IT-компаниялардын, билим берүү мекемелеринин, эл аралык уюмдардын жана эксперттик коомчулуктун өкүлдөрүнөн

Кыргызстанда балык чарбасы үчүн 16 көлмөгө сынак жарыяланды

Кыргызстанда балык чарбасы үчүн 16 көлмөгө сынак жарыяланды

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Балык өнөр жай комплекси департаменти  балык өстүрүү үчүн көлмөлөрдү жана алардын аймагын пайдалануу укугуна сынак жарыялады. Сынакка Ысык-Көл, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Чүй облустарындагы он алты объект коюлган. Алардын ичинде көлмөлөр, көлдөр жана аянты 0,3 гектардан