Бишкектеги унаа жуучу жайлар үчүн суу тарифи жогорулашы ыктымал

Бишкектеги унаа жуучу жайлар үчүн суу тарифи жогорулашы ыктымал

"Бишкексууканал" ишканасынын директору Чыңгыз Жумалиев 2024-жылдын 14-майында Бишкек шаардык кеңеши кабыл алган №133 токтомунун колдонуу чөйрөсүн кеңейтүү пландалып жатканын билдирди.

Учурдагы документке ылайык, айланма суу тазалоо системасын 2024-жылдан кийин ачылган унаа жуучу жайлар гана орнотууга милдеттүү.

Жумалиевдин айтымында, унаа жуучу жайлардын өкүлдөрү менен өткөн жыйында алар "эмне үчүн талап 2024-жылдан кийин ачылгандарга гана тиешелүү?" деген нааразычылыгын билдиришкен.

Директор жакынкы сессиялардын бирине №133 токтомго өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгесин алып чыгып, бул талапты шаардагы бардык автомойкаларга, эч кандай өзгөчөлүксүз жайылтууну сунуштай турганын айтты.

Токтом 2023-жылы ичүүчү суу тартыштыгы жаралган шартта кабыл алынган. Анткени автомойкалар техникалык эмес, таза ичүүчү сууну колдонушат. Нормаларды сактабаганы тууралуу даттануулардан кийин "Бишкексууканал" унаа жуучу жайлардын ээлерине 2026-жылдын 1-мартына чейин тиешелүү жабдууларды орнотуу зарылдыгы тууралуу билдирүүлөрдү жөнөткөн.

Депутат Эркинбек Салымбеков талаптарды катуулатуу демилгесин колдоду, бирок аны унаа жуучу жайлар менен чектебестен, ресторандарга, кафелерге, мончо-сауналарга жана мамлекеттик гараждарга да жайылтууну сунуштады. Ал ошондой эле суу тарифи өтө төмөн — 1000 литр үчүн 10,45 сом экенин белгилеп, ресурсту үнөмдөө максатында аны кайра карап чыгууга чакырды.

Ошол эле учурда депутат бизнеске ашыкча жүк түшүрбөөгө үндөдү: жабдуунун баасы 200–250 миң сом чегинде болушу керек, ондогон миң доллар болбошу зарыл. Салымбеков "Бишкексууканал" ишканасына ишкерлерге жеткиликтүү технологиялык чечимдерди өз алдынча тааныштырып берүүнү, жөн гана милдеттендирүү менен чектелбөөнү сунуштады.

Ишкананын жетекчисинин маалыматына караганда, №133 токтомго өзгөртүү киргизилип, бардык автомойкаларга суу тазалоочу жабдууларды орнотуу үчүн 2027-жылдын 1-январына чейин мөөнөт берүү сунушталууда.

Мындан тышкары окуңуз

Кант шаарында этти арзан баада саткан дүкөн ачылды

Кант шаарында этти арзан баада саткан дүкөн ачылды

Кант шаарында этти жеткиликтүү баада саткан муниципалдык дүкөн ачылды. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынынан маалымдашты. Учурда дүкөндө эттин баасы - 1 килограммы 750–760 сомдон сатылууда. Билдирүүгө караганда дүкөн - Кант шаары, Ленин көчөсү 51/1 дарегинде, «Ысык-Ата» соода үйүнүн имаратында жайгашкан. Мындай муниципалдык эт дүкөндөрүн Чүй облусунун башка

Ишкер Media
Камкордук айы - Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында белгиленип жатат

Камкордук айы - Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында белгиленип жатат

1-октябрь — Эл аралык карылар күнүндө КР Социалдык фонду “Камкордук айы” республикалык акциясын баштаган. Ага ылайык, Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында бир убакта майрамдык иш-чаралар белгиленди. Социалдык фонддун маалыматына караганда, программада  - ден соолукту чыңдоо машыгуусу, акысыз медициналык кароо, Соцфонддон пенсия боюнча консультациялар, майрамдык концерт, белектер жана даамдуу сый-тамактар

Ишкер Media
Бишкек мэриясы метро курууну көздөөдө

Бишкек мэриясы метро курууну көздөөдө

Бишкек мэриясы метро куруу жана долбоордун техникалык-экономикалык жагын иштеп чыгууну көздөөдө. Бул тууралуу 2-октябрда илимий-практикалык конференциянын жүрүшүндө Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев билдирди. Мэрдин айтымына караганда метро куруу идеясы делегаттар менен талкуу учурунда айтылган. Ушуга байланыштуу муниципалитет бул маселени кайрадан күн тартибине киргизүү жагын кароодо. Журналисттердин Бишкекте метро

Ишкер Media
ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын изилдөөгө археологдорду жиберүүгө даяр

ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын изилдөөгө археологдорду жиберүүгө даяр

ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын, анын ичинде жер жана суу астында жашырылган объекттерди изилдөө үчүн археолог жана окумуштууларды жиберүүгө даяр. Бул ЖКнын төрагасы Марлен Маматалиевдин Парижде ЮНЕСКОнун генералдык директору Халед Аль-Анани менен жолугушуусунда белгилүү болду. Маалыматка ылайык, жолугушууга депутаттар Талант Мамытов жана Камила Талиева, Кыргызстандын Франциядагы элчиси жана өлкөнүн

Ишкер Media