Кыргызстан боюнча 3D саякатты 6 млн адам көрдү
Маданият министрлигинин сайтынын атайын бөлүмүндөгү Кыргызстан боюнча 3D саякатты 6 млн адам көргөн. Бул тууралуу Туризм департаментинин директору Самат Шатманов билдирди.
Ал буга чейин Кыргызстан боюнча виртуалдык 3D тур боюнча долбоор башталганын билдирди. «www.map.tourism.gov.kg сайтында онлайн режиминде өлкөбүздүн ар кайсы жерлерине баруу мүмкүнчүлүгү түзүлдү. Иштеп баштагандан бери сайтка 6 миллионго жакын адам кирген», – деди ал.
Ошондой эле, Маданият министрлиги жыл сайын Кыргызстанга 8 миллионго жакын чет элдик жарандар келерин билдирди. Алардын 30%ы туристтик максатта келет. Акыркы эки жылда пандемиядан улам туристтердин саны кескин кыскарган.
Белгилей кетсек, Кыргызстанга 3D саякат жасаганга мүмкүн болгон сайт Япония эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) колдоосу менен ачылган.