Санариптик өнүктүрүү министрлиги телефондорду каттоо үчүн 700 сом өлчөмүндөгү төлөмдү жокко чыгарат

Санариптик өнүктүрүү министрлиги телефондорду каттоо үчүн 700 сом өлчөмүндөгү төлөмдү жокко чыгарат

Уюлдук телефондорду идентификациялоодо аппаратты каттоо үчүн 700 сом өлчөмүндө акы алынбайт. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди.

Эске салсак, Санариптик өнүктүрүү министрлиги «Электр жана почта байланышы жөнүндө», «КРгы лицензиялоо-уруксат берүү тутуму жөнүндө» мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу долбоорун коомдук талкууга алып чыккан болчу. Анда уюлдук телефондорду идентификациялоодо аппаратты каттоо үчүн 700 сом өлчөмүндө төлөм киргизүү каралган болчу.

Мыйзам долбоорунун сунушталып жаткан редакциясына ылайык, уюлдук түзүлүштөрдү, ошондой эле маалыматтарды берүү үчүн колдонулган түзүлүштөрдү идентификациялоо лицензиялануучу ишмердик болуп саналбайт. Аталган ченем жеке компаниялардын атынан идентификациялык оператордун болушун жана бир аппаратты каттоо үчүн 700 сом өлчөмүндөгү төлөмдү жокко чыгарат

Идентификациялоо ыйгарым укуктуу орган тарабынан жүргүзүлөт, ал Кыргыз Республикасынын аймагына алынып келинген бардык түзүлүштөрдү идентификациялоо талаптарын аныктайт.

Мындан тышкары окуңуз

Мекенинде бизнес ачыш үчүн четте иштеген Саринжи Нурдинбаев

Мекенинде бизнес ачыш үчүн четте иштеген Саринжи Нурдинбаев

Бир нече жыл мурда Саринжи Нурдинбаев үй-бүлөсүн багуу үчүн Улуу Британияга сезондук жумушка кетүүгө мажбур болгон. Ал эми бүгүнкү күндө жубайы экөө Раззаков шаарында өзүнүн кондитердик цехин, кофеканаларын ачып, кыргызстандыктар үчүн жумуш орундарын түзүп жатышат. Маектешүүдө ишкер эмгек миграциясынан кайтып, өз ишин ачууга кандай жагдайлар түрткү болгонун айтып берди. Мекенинде

Бишкек–2026: бюджеттин киреше бөлүгү 32,9 млрд сомго болжолдонууда

Бишкек–2026: бюджеттин киреше бөлүгү 32,9 млрд сомго болжолдонууда

Бүгүн Тунгуч театрында Бишкек шаарынын 2026-жылга карата бюджетинин долбоору боюнча коомдук угуу өткөрүлдү. Иш-чарага шаар тургундары, муниципалдык бийлик өкүлдөрү жана депутаттар катышты. бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Бишкек шаарынын мэринин биринчи орун басары Мирланбек Байгончоков акыркы беш жылда шаар бюджети үч эсеге өскөнүн белгилеп, 2025-жылы бир катар ири инфраструктуралык жана социалдык

Бишкектеги унаа жуучу жайлар үчүн суу тарифи жогорулашы ыктымал

Бишкектеги унаа жуучу жайлар үчүн суу тарифи жогорулашы ыктымал

"Бишкексууканал" ишканасынын директору Чыңгыз Жумалиев 2024-жылдын 14-майында Бишкек шаардык кеңеши кабыл алган №133 токтомунун колдонуу чөйрөсүн кеңейтүү пландалып жатканын билдирди. Учурдагы документке ылайык, айланма суу тазалоо системасын 2024-жылдан кийин ачылган унаа жуучу жайлар гана орнотууга милдеттүү. Жумалиевдин айтымында, унаа жуучу жайлардын өкүлдөрү менен өткөн жыйында алар "эмне

Жогорку Кеңеште эмгек коопсуздугу боюнча жаңы мыйзам талкууланды

Жогорку Кеңеште эмгек коопсуздугу боюнча жаңы мыйзам талкууланды

Бүгүн Жогорку Кеңеште Кыргыз Республикасынын “Эмгекти коргоо жөнүндө” Мыйзамынын долбоору боюнча парламенттик угуу болуп өттү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти. Иш-чарада мыйзам долбоорунун негизги максаты – кызматкерлердин эмгектик милдеттерин аткарууда коопсуздугун жана ден соолугун камсыз кылуу, өндүрүштөгү кырсыктарды жана кесиптик ооруларды алдын алуу, ошондой эле эмгекти коргоо