Улуттук банк микрофинансылык уюмдардын бирине 55 миң сомдук айып пул салды
Улуттук банк микрофинансылык уюмдардын бирине 55 миң сом өлчөмүндө айып пул салды. Бул тууралуу регулятордун маалымат кызматы билдирди.
«КРнын мыйзамдарынын жана КРнын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын, анын ичинде МФУ тарабынан бир эле жакка же ага байланыштуу адамдардын тобуна берилүүчү каржылоонун максималдуу чогуу алгандагы өлчөмү боюнча талаптарды бузгандыгы үчүн микрофинансылык уюмдардын бирине 55 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды», – деп айтылат билдирүүдө.
Бирок жөнгө салуучу адаттагы эрежеге ылайык, кайсы микрофинансылык уюм экендигин тактаган жок.