Бакыт Шаршеев кайрадан «Манас» эл аралык аэропортунун» башкы директору болуп шайланды
Бүгүн, 26-апрелде «Манас» эл аралык аэропорту» ААКнын (Кыргызстандагы бардык аэропорттордун оператору, мамлекеттин үлүшү 79%ды түзөт) директорлор кеңеши компаниянын башкармалыгынын курамын шайлады. Бул тууралуу «МАМдын» басма сөз кызматы билдирди.
Башкармалыктын төрагасы – башкы директор болуп кайрадан Бакыт Шаршеев шайланды. Эске салсак, ал бул кызматка 2021-жылдын февралында дайындалган.
Ошондой эле Адилет Малдыбаев, Абдумалик Бусурманкулов, Данияр Кысанов жана Бахтияр Турсунбаев кеңештин мүчөлөрү болуп шайланды.
Белгилей кетсек, жакында эле Адилет Малдыбаев «Манас» аэропортунун жетекчисинин жаңы орун басары болуп дайындалган эле.