«Чакан ГЭС» ААК гидроэлектростанцияларды модернизациялоого ЕРӨБдөн 18.5 млн евро алат

«Чакан ГЭС» ААК гидроэлектростанцияларды модернизациялоого ЕРӨБдөн 18.5 млн евро алат

«Чакан ГЭС» ААК Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) менен алдын ала каржылоого макулдашты. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады.

Долбоордун алкагында «Чакан ГЭС» ААК курамындагы гидроэлектростанцияларды: Лебединовка ГЭСи, ГЭС-1, ГЭС-2 жана кичи Аламедин ГЭСин модернизациялоо макулдашылган. Ошону менен бирге, макулдашуунун алкагында техникалык-экономикалык негиздеме түзүү каралган.

«Долбоорго ЕРӨБдөн болжолдуу түрдө 18.5 млн еврого чейин инвестиция тартылышы күтүлүүдө. Анын ичинде, болжол менен жеңилдетилген насыя грант катарында 6.5 млн еврого чейин, модернизациялоо жана долбоорду ишке ашыруу боюнча иштер 12 млн евро деп каралган.

Бирок 6.5 млн еврого чейинки грант катарындагы каржылоо макулдашуудан кийин так билинет. Тагыраак айтканда, долбоорду ишке ашырууга керектеле турган жогорудагы алдын ала каражат техникалык-экономикалык негиздеме деталдуу түзүлгөндөн кийин билинет жана каржылоо жөнүндө макулдашууга кол коюлат.

Долбоордун мөөнөтү 15 жыл, 3 жыл жеңилдетилген мезгил, 12 жыл карыздын негизги өлчөмүн кайтаруу мезгили катары каралган», – деп айтылат маалыматта.

Бул долбоордун алкагында жогоруда айтылган ГЭСтердин гидротехникалык курулмаларын, имараттарын реконструкциялоо (оңдоо/калыбына келтирүү) жана көмөкчү гидромеханикалык жабдууларын модернизациялоо, электр жабдууларын жана башкаруу жана коргоо чынжырларын алмаштырууну иштери жүргүзүлмөкчү.

Долбоордун негизги максаты – гидроэлектростанциялардын ишенимдүү жана коопсуз иштешин камсыз кылуу, эксплуатациялык чыгымдарды 50%га азайтуу, станциялардын пайдалануу мөөнөтүн 35-40 жылга узартуу, кубаттуулукту 3.2 МВтга көбөйтүү пландалган.

Станциялардын суу агымын натыйжалуу пайдалануунун эсебинен электр энергиясын иштеп чыгуунун кошумча 20% өсүшү күтүлөт.

Мындан тышкары окуңуз

Мекенинде бизнес ачыш үчүн четте иштеген Саринжи Нурдинбаев

Мекенинде бизнес ачыш үчүн четте иштеген Саринжи Нурдинбаев

Бир нече жыл мурда Саринжи Нурдинбаев үй-бүлөсүн багуу үчүн Улуу Британияга сезондук жумушка кетүүгө мажбур болгон. Ал эми бүгүнкү күндө жубайы экөө Раззаков шаарында өзүнүн кондитердик цехин, кофеканаларын ачып, кыргызстандыктар үчүн жумуш орундарын түзүп жатышат. Маектешүүдө ишкер эмгек миграциясынан кайтып, өз ишин ачууга кандай жагдайлар түрткү болгонун айтып берди. Мекенинде

Бишкек–2026: бюджеттин киреше бөлүгү 32,9 млрд сомго болжолдонууда

Бишкек–2026: бюджеттин киреше бөлүгү 32,9 млрд сомго болжолдонууда

Бүгүн Тунгуч театрында Бишкек шаарынын 2026-жылга карата бюджетинин долбоору боюнча коомдук угуу өткөрүлдү. Иш-чарага шаар тургундары, муниципалдык бийлик өкүлдөрү жана депутаттар катышты. бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Бишкек шаарынын мэринин биринчи орун басары Мирланбек Байгончоков акыркы беш жылда шаар бюджети үч эсеге өскөнүн белгилеп, 2025-жылы бир катар ири инфраструктуралык жана социалдык

Бишкектеги унаа жуучу жайлар үчүн суу тарифи жогорулашы ыктымал

Бишкектеги унаа жуучу жайлар үчүн суу тарифи жогорулашы ыктымал

"Бишкексууканал" ишканасынын директору Чыңгыз Жумалиев 2024-жылдын 14-майында Бишкек шаардык кеңеши кабыл алган №133 токтомунун колдонуу чөйрөсүн кеңейтүү пландалып жатканын билдирди. Учурдагы документке ылайык, айланма суу тазалоо системасын 2024-жылдан кийин ачылган унаа жуучу жайлар гана орнотууга милдеттүү. Жумалиевдин айтымында, унаа жуучу жайлардын өкүлдөрү менен өткөн жыйында алар "эмне

Жогорку Кеңеште эмгек коопсуздугу боюнча жаңы мыйзам талкууланды

Жогорку Кеңеште эмгек коопсуздугу боюнча жаңы мыйзам талкууланды

Бүгүн Жогорку Кеңеште Кыргыз Республикасынын “Эмгекти коргоо жөнүндө” Мыйзамынын долбоору боюнча парламенттик угуу болуп өттү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти. Иш-чарада мыйзам долбоорунун негизги максаты – кызматкерлердин эмгектик милдеттерин аткарууда коопсуздугун жана ден соолугун камсыз кылуу, өндүрүштөгү кырсыктарды жана кесиптик ооруларды алдын алуу, ошондой эле эмгекти коргоо