Соода жана кызмат түйүндөрү кандай ККМди колдонуш керек? – бир катар ченемдер иштелип чыкты

Соода жана кызмат түйүндөрү кандай ККМди колдонуш керек? – бир катар ченемдер иштелип чыкты

Министрлер кабинетинин токтому менен контролдук-кассалык машиналарды (ККМ) колдонуу боюнча бир катар ченемдер кабыл алынганын МСКнын маалымат кызматы кабарлады.

Министрлер Кабинетинин токтомун ишке ашыруунун алкагында Салык кызматынын маалыматтык системасында катталган ККМдер 2022-жылдын 1-январынан тартып, техникалык талаптарды сактоо жол-жобосунан өтпөстөн субъекттер тарабынан колдонулууга жатат.

Мында аппараттык ККМдин маалыматтары субъектке же андан кийин субъектке сатуу үчүн башка жакка сатууга чейин техникалык талаптарга ылайык жол-жоболордон өтүүгө тийиш.

  • 2022-жылдын 1-майынан тартып Фискалдык модуль менен иштөө функциясы бар ККМге карата жаңы техникалык талаптарга жооп бербеген ККМ каттоодон өткөрүлбөйт
  • 2022-жылдын 1-августунан тартып МСКга берилген кассалык чектерде милдеттүү тартипте товарлардын идентификациялоочу каражаттарынын коддору (товарларды маркалоо) чагылдырылууга тийиш
  • мурда МСКнын системаларында катталган ККМди колдонуучу субъекттер 2022-жылдын 31-декабрына чейин аларды колдонууга укуктуу
  • алдын ала төлөө (аванс) жана кийин төлөө (кредит) сыяктуу эсептешүүнүн түрлөрү менен кассалык эсептешүү операцияларын аткаруу боюнча субъектке жана ККМге карата талаптар 2023-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет

Мындан тышкары, соода (вендинг) автоматтарында жана кызмат көрсөтүү автоматтарында автоматтык окууга жарактуу кагаз түрүндө жана/же электрондук түрдө контролдук-кассалык чекти түзүү жана берүү мүмкүнчүлүгү бар ККМ орнотулушу керек.

Ошондой эле сатып алуучуга (кардарга) контролдук-кассалык чекти бербестен субъекттин ишин автоматташтырууга арналган программалык камсыздоону жана/же программалык-аппараттык комплекстерди колдонуу менен басылып чыккан товардык чектерди берүүгө тыюу салынат.

Мындан тышкары окуңуз

Мекенинде бизнес ачыш үчүн четте иштеген Саринжи Нурдинбаев

Мекенинде бизнес ачыш үчүн четте иштеген Саринжи Нурдинбаев

Бир нече жыл мурда Саринжи Нурдинбаев үй-бүлөсүн багуу үчүн Улуу Британияга сезондук жумушка кетүүгө мажбур болгон. Ал эми бүгүнкү күндө жубайы экөө Раззаков шаарында өзүнүн кондитердик цехин, кофеканаларын ачып, кыргызстандыктар үчүн жумуш орундарын түзүп жатышат. Маектешүүдө ишкер эмгек миграциясынан кайтып, өз ишин ачууга кандай жагдайлар түрткү болгонун айтып берди. Мекенинде

Бишкек–2026: бюджеттин киреше бөлүгү 32,9 млрд сомго болжолдонууда

Бишкек–2026: бюджеттин киреше бөлүгү 32,9 млрд сомго болжолдонууда

Бүгүн Тунгуч театрында Бишкек шаарынын 2026-жылга карата бюджетинин долбоору боюнча коомдук угуу өткөрүлдү. Иш-чарага шаар тургундары, муниципалдык бийлик өкүлдөрү жана депутаттар катышты. бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Бишкек шаарынын мэринин биринчи орун басары Мирланбек Байгончоков акыркы беш жылда шаар бюджети үч эсеге өскөнүн белгилеп, 2025-жылы бир катар ири инфраструктуралык жана социалдык

Бишкектеги унаа жуучу жайлар үчүн суу тарифи жогорулашы ыктымал

Бишкектеги унаа жуучу жайлар үчүн суу тарифи жогорулашы ыктымал

"Бишкексууканал" ишканасынын директору Чыңгыз Жумалиев 2024-жылдын 14-майында Бишкек шаардык кеңеши кабыл алган №133 токтомунун колдонуу чөйрөсүн кеңейтүү пландалып жатканын билдирди. Учурдагы документке ылайык, айланма суу тазалоо системасын 2024-жылдан кийин ачылган унаа жуучу жайлар гана орнотууга милдеттүү. Жумалиевдин айтымында, унаа жуучу жайлардын өкүлдөрү менен өткөн жыйында алар "эмне

Жогорку Кеңеште эмгек коопсуздугу боюнча жаңы мыйзам талкууланды

Жогорку Кеңеште эмгек коопсуздугу боюнча жаңы мыйзам талкууланды

Бүгүн Жогорку Кеңеште Кыргыз Республикасынын “Эмгекти коргоо жөнүндө” Мыйзамынын долбоору боюнча парламенттик угуу болуп өттү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти. Иш-чарада мыйзам долбоорунун негизги максаты – кызматкерлердин эмгектик милдеттерин аткарууда коопсуздугун жана ден соолугун камсыз кылуу, өндүрүштөгү кырсыктарды жана кесиптик ооруларды алдын алуу, ошондой эле эмгекти коргоо