Жашыл климат фонду Кыргызстанга жайыттарды жана токойлорду калыбына келтирүүгө дээрлик 30 млн доллар бөлөт
Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин кезектеги жыйынында «КРда токойлорго жана жайыттарга климаттык инвестициялар аркылуу көмүртекти секвестрациялоо (CS-FOR)» долбоорун ишке ашыруу жөнүндөгү долбоордук макулдашууну ратификациялоо маселеси каралып, жактырылды.
Жыйында баяндама жасаган Айыл чарба министринин орун басары Нурлан Шерипов белгилегендей, аталган долбоордук макулдашууга токойлорго жана жайыт жерлерине климаттык инвестицияларга колдоо көрсөтүү жолу менен көмүртекти секвестрациялоону жогорулатуу максатында кол коюлган.
2019-жылдын ноябрь айында Жашыл климаттык фонду тарабынан грант түрүндөгү 29.9 млн долларлык «КРда токойлорго жана жайыттарга климаттык инвестициялар аркылуу көмүртекти секвестрациялоо» долбоору жактырылган. Ал эми долбоордун аткаруу мөөнөтү 8 жыл деп белгиленген.
Долбоордук макулдашууну ишке ашыруу токой экосистемаларын өнүктүрүүгө жана республиканын жер ресурстарын, анын ичинде жайыттарды жакшыртууга багытталган.
Ошондой эле долбоор боюнча консультацияларга 2 млн 318 миң АКШ долларын бөлүү пландалып жатканы айтылды.