ЖК КР Тышкы иштер министри кызматына Жээнбек Кулубаевди дайындоого макулдук берди
Жогорку Кеңеш бүгүн, 27-апрелдеги жыйынында Тышкы иштер министри кызматына Жээнбек Кулубаевди дайындоого макулдук берүү чечимин кабыл алды.
Кулубаевдин талапкерлигин 71 депутат бир добуштан колдоду.
Талкууда депуаттар Жүк-200дү жеткирүүнү жеңилдетүү, «кара тизмедеги» мигранттар, авиакаттамдар, инвестиция тартуу жана чек арага байланыштуу маселелерди көтөрүштү.
Белгилей кетсек, 59 жаштагы Жээнбек Кулубаев 2021-жылдын август айынан бери президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүн жетектеп келген. Ага чейин Тышкы иштер министрлигинде бир катар жооптуу кызматтарды аркалаган. Ошондой эле Кыргызстандын Малайзиядагы, Кытайдагы, Казакстандагы элчиси болгон.