Жогорку Кеңеште кенден чыккан алтынга 30% мамлекеттин үлүшүн киргизүү боюнча мыйзам долбоору каралды
Бүгүн, 27-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргызстандын аймагындагы кенден чыккан алтындын 30%на мамлекеттин үлүшүн киргизүү боюнча мыйзам долбоору каралды.
Жыйында баяндама жасаган Марлен Маматалиевдин айтымында, кен иштеткен компаниялар салык төлөшөт, фонддорду түзүшөт, соцжардамдарды беришет, бирок мамлекетке алтын калбай жатат.
«Биринчиси, аукцион өтөбү, конкурс өтөбү, алтындын 30% Кыргызстанга калсын деп жатабыз. Экинчиси, комиссиянын курамына жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү, Министрлер кабинетинин, ЖКнын өкүлдөрү, эксперт-консультанттар да кирсин.
Мисалы, биз ушул мыйзамды эртерээк кабыл алганда, 100 тонна алтындын запасы болгон Жерүйдөн бизге жок дегенде 1 млрд доллар калат эле. Эгерде Кумтөрдөн башынан баштап алганда, 40 млрд доллар калмак», – деди ал.
Ошондой эле Маматалиев комбинаттан эмес, кенден чыккан продукцияга карата 30% экенин жана эгер мыйзам экинчи, үчүнчү окууда каралып, кабыл алынса жаңы түзүлгөн келишимдерге карата күчүндө болоорун кошумчалап өттү.
Белгилей кетсек, «КРнын айрым мыйзам актыларына («Жер казынасы жөнүндө» «Жер казынасын пайдаланууда продукцияны бөлүштүрүү жөнүндө макулдашуулар тууралуу» мыйзамдарга) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Мыйзамдын долбоору биринчи окууга киргизилди.