30-майдан 3-июнга чейин Бишкек – Нарын – Торугарт жолунун айрым бөлүгү убактылуу жабылат

30-майдан 3-июнга чейин Бишкек – Нарын – Торугарт жолунун айрым бөлүгү убактылуу жабылат

«Кыргыз темир жолу» МИ 30-майдан 3-июнга чейин  Бишкек – Нарын Торугарт жолунун 129-чакырымында коркунуч жараткан таштарды түшүрүү жумуштары (Боом капчыгайы, темир жолдун 3899 км) жүргүзүлөөрүн маалымдайт.

Жумуштар КР ИИМ Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жолду жарым-жартылай тоскондон кийин, саат 09:00дөн 15:00гө чейин жүргүзүлөт.

Жолду тазалоо учурунда транспорт бир тилке боюнча багытталат. 30-40тан ашык унаанын топтолушу менен таштарды түшүрүү иштери токтоп, унааларды өткөрүүгө уруксат берилет.

Иш-чаралар таш кулоо коркунучун алдын алуу максатында жүргүзүлүүдө.

Мындан тышкары окуңуз

Беш-Күңгөйдө жайытты тепсеген айдоочуларга чара көрүлдү

Беш-Күңгөйдө жайытты тепсеген айдоочуларга чара көрүлдү

Аламүдүндө жайыт жерлеринде эндуро мотоциклдерин айдап, кыртышка зыян келтирген эки жаранга жалпы 11 миң сом айып салынды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, рейд жергиликтүү тургундардын кайрылуусунун негизинде Беш-Күңгөй айылынын үстүндөгү жайыттарда өттү. Текшерүүнү Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Бишкек шаары жана Аламүдүн району

Оштун бюджетине бир айда 160 млн сом кошумча киреше түштү

Оштун бюджетине бир айда 160 млн сом кошумча киреше түштү

Ош шаарынын жергиликтүү бюджетине үстүбүздөгү айда 160 млн сом кошумча киреше түштү. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынан билдирди. Буга чейин Президент Садыр Жапаровдун чечими менен салыктын эки түрү — бирдиктүү салык жана сатуудан алынуучу салык Ош шаарынын жергиликтүү бюджетинде калтырылган. Ош шаарынын мэри Жанар Акаевдин айтымында, кошумча түшкөн каражаттар калаанын инфраструктурасын

Жети айда 387 этникалык кыргыз кайрылман статусун алды

Жети айда 387 этникалык кыргыз кайрылман статусун алды

Кыргызстанда 2026-жылдын жети айында 387 этникалык кыргызга кайрылман статусу берилди. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги маалымдады. Министрликтин маалыматына ылайык, кайрылман статусун алгандардын басымдуу бөлүгү Тажикстандан келген этникалык кыргыздар. Тактап айтканда, Тажикстандан келген 351, Өзбекстандан 16, Кытайдан 10, Россиядан 5, Ооганстандан 1 жана башка өлкөлөрдөн келген 4

Көк-Арттагы эс алуу жайларына 15 миң 500 сом айып салынды

Көк-Арттагы эс алуу жайларына 15 миң 500 сом айып салынды

Көк-Арт өрөөнүндө өткөн экологиялык рейдде 8 эс алуу жайына эскертүү каттары тапшырылды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, өрөөндөгү эс алуу жайларында саркынды суулардын айлана-чөйрөгө агызууга, тиричилик калдыктарынын туш келди таштоого жол бербөө боюнча текшерүү жүргүзүлгөн. Натыйжада "Бай