DemirBank мобилдик тиркемесинде жеке ишкер катары онлайн катталуу мүмкүнчүлүгүн ишке киргизди
DemirBank жаңы санариптик кызматты ишке киргизди. Эми банктын кардарлары жеке ишкер (ЖИ) катары катталууга арызды түз эле мобилдик тиркеме аркылуу бере алышат. Бул үчүн салык органына баруунун кажети жок: арыз берүүдөн тартып каттоонун жыйынтыгын алганга чейин бардык кадамдарды DemirBank тиркемеси аркылуу аткарууга болот.
Кызматтан пайдалануу үчүн кардар DemirBankта верификациядан өткөн, башкача айтканда, инсандыгы тастыкталган болушу, жарактуу инсандыгын тастыктоочу документи жана булуттук электрондук кол тамгасы болушу керек.
Арыздын статусун жана каттоонун жыйынтыгын DemirBank мобилдик тиркемесинен көрүүгө болот. Каттоо ийгиликтүү аяктагандан кийин кардар бизнеси үчүн банктык эсеп ачуу процессине түз эле тиркемеден өтө алат.
Кызмат DemirBank мобилдик тиркемесинде жеткиликтүү.
КР УБ лицензиясы №035