Кыргызстанда аялдардын ишкердигин колдоого 5,5 млрд сом багытталды

Кыргызстанда аялдардын ишкердигин колдоого 5,5 млрд сом багытталды

2026-жылдын 1-майына карата Кыргызстанда аялдар жетектеген чарба жүргүзүүчү субъекттердин саны 246 273кө жетти. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинде өткөн аялдардын ишкердигин өнүктүрүү маселелерине арналган кеңешмеде айтылды.

Маалымдалгандай, жыйын 19-ноябрда өтүп, анда аялдардын каржы булактарына жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү, жеңилдетилген насыяларды берүү жана мамлекеттик колдоо механизмдерин жакшыртуу маселелери талкууланды.

Министрлик жеңилдетилген насыялоо программасында аялдардын катышуусунун минималдуу үлүшү 30% деп белгиледи. Бирок иш жүзүндө бул көрсөткүч 71,7%ды түзгөн. Программанын алкагында аялдарга берилген насыялардын жалпы суммасы 5,52 млрд сомго жеткен.

Мындан тышкары, 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында аялдарга 211 843 бизнес-кредит берилген. Бул жалпы берилген бизнес-кредиттердин 54,3%ын түзөт. Ал эми аялдардын учурдагы кредиттик портфели 50,23 млрд сомго жеткени белгиленди.

Ишкерлердин насыя алуусунда кепилдик механизмдеринин мааниси да каралды. Жалпы суммасы 655,4 млн сомду түзгөн кепилдиктердин жардамы менен 2,4 млрд сомдон ашык кредиттик каражат тартылган.

Кеңешменин жүрүшүндө аял ишкерлер үчүн узак мөөнөттүү каржылоону жеткиликтүү кылуу, жабдууларды сатып алууга жана заманбап технологияларды киргизүүгө көмөктөшүү, кепилдик жана лизинг механизмдерин өнүктүрүү маселелери көтөрүлдү. Ошондой эле ишканалардын өсүшүнө жана экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө шарт түзүү зарылдыгы айтылды.

Жолугушууда Аялдардын ишкердигин өнүктүрүү боюнча кеңештин ишин жандандыруу маселеси да талкууланды. Катышуучулар мамлекеттик колдоо механизмдерин ишкерлердин чыныгы муктаждыктарына ылайыкташтыруу үчүн кесиптик бирикмелердин жана бизнес-коомчулуктун сунуштарын эске алуу маанилүү экенин белгилешти.

Кеңешменин жыйынтыгында аялдардын ишкердигин мындан ары өнүктүрүүгө багытталган конкреттүү демилгелерди жана сунуштарды даярдап, кийинки кароого киргизүү сунушталды.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Экономика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Ашхабад шаарында айыл чарба тармагындагы кызматташтык сүйлөшүлдү

Лейлекте 100,8 млн сомдон ашык каражат жумшалган көчөттөрдүн куурап калгандыгы аныкталды

DemirBank мобилдик тиркемесинде жеке ишкер катары онлайн катталуу мүмкүнчүлүгүн ишке киргизди

Ошто электр жарыгын үнөмдөө үчүн чектөөлөр киргизилиши мүмкүн

4 жылда Кыргыз-Түркмөн ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү 1,8 эсеге өскөн