Чынгыз Эсенгул уулу маданият министринин биринчи орун басары болду

Чынгыз Эсенгул уулу маданият министринин биринчи орун басары болду

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары болуп Чынгыз Эсенгул уулу дайындалды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинен билдирди.

Маалым болгондой, тиешелүү чечимге өкмөт башчы Адылбек Касымалиев кол койду.

Белгилей кетсек, ал 2021-2025-жылдары маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары, кийин биринчи орун басары болуп иштеген. Эсенгул уулу 2025-жылдын октябрынан тартып Кыргызстандын Түркиядагы соода өкүлү кызматын аркалаган.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads жана Х каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. 
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Саясат

Акыркы жаңылыктар

Баары

Токтогул шаары 5,3 млн сомго таштанды ташуучу унаа сатып алды

20-ноябрда Бишкектин кээ бир аймактарында суу берилбейт

Кыргызстан менен Казакстан салык тармагындагы кызматташтыкты талкуулады

Улуттук банк 1 коммерциялык банкка 5 миң 354 сом айып пул салды

Кыргыз-өзбек чек арасында бажы-логистикалык терминал ачылды