Кыргызстан менен Казакстандын компаниялары 1.5 млн долларлык келишимдерге кол коюшту

Кыргызстан менен Казакстандын компаниялары 1.5 млн долларлык келишимдерге кол коюшту

Кечээ, 26-майда Бишкекте кыргыз-казак ишкерлер кеңешинин экинчи жыйыны өтүп, анын алкагында эки тарап 1.5 млн доллардан ашык суммадагы келишимдерге кол коюшканын КРнын Соода-өнөр жай палатасы билдирди.

Төмөнкү келишимдерге кол коюлду:

  • «Kelum-KazPharm» ЖЧШ (РК) жана «BMG Pharm» ЖЧК — медициналык буюмдарды жеткирүү, 350 миң доллар
  • «Салем Кус» ЖЧШ (РК) жана «Кыргызский соколиный центр Мураз» ЖЧК — канаттууларды жеткирүү, 460 миң доллар
  • «Элтекс Алатау» ЖЧШ (РК) жана «ЛОКТЕХНО» ЖЧК — кызматташуу меморандуму, жабдууларды жеткирүү, 300 миң доллар
  • «Free Mark» ЖЧШ (РК) жана «АгроЛогистикГрупп» ЖЧК — жумуртка кесмесин өндүрүү, 400 миң доллар
  • «Alpine Club» (РК) бейөкмөт уюму жана Кыргызстандын туроператорлор ассоциациясы — туризм тармагында өз ара түшүнүшүү жана кызматташтык жөнүндө келишим түзгөн.

Белгиленгендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар туризм жана жеңил өнөр жай тармагындагы бир катар ири инвестициялык долбоорлорду, кыргыз-казак чек арасында өнөр жай соода-логистикалык комплексин куруу маселелерин талкуулашты.

Мындан тышкары окуңуз

Дүйнөдөгү эң бай адамдар кимдер?

Дүйнөдөгү эң бай адамдар кимдер?

Дүйнөдөгү эң бай адам катары акшлык Илон Маск турат. Анын бүгүнкү күндө 957 млрд долларлык байлыгы бар. Илон Масктан кийинки экинчи бай адам катары акшлык Лари Пейдж эсептелет. Ларри Пейдж Google компаниясынын негиздөөчүсү жана мурдагы жетекчиси болуп саналат. Анын жалпы байлыгы 304 млрд долларды түзөт. 3-орунда 283 млрд доллар

Зардалы айылына заманбап үйлөр курулат

Зардалы айылына заманбап үйлөр курулат

Баткен облусунун Зардалы айылында заманбап турак жайлар курулат. Бул тууралуу президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасынан билдирди. Анын айтымында, мурда жетүүгө кыйын болгон аймактарда жашоо шарттарын жакшыртуу багытында иштер жүрүп жатат. Зардалы айылында акыркы жылдары электр энергиясы тартылып, уюлдук байланыш жана интернет ишке киргизилген, ошондой

КРдагы банктар 4 айда  9,5 млрд сом таза киреше табышкан

КРдагы банктар 4 айда 9,5 млрд сом таза киреше табышкан

КРнын Улуттук банкы өлкөнүн банк секторунун 2026-жылдын 30-апрелине карата өнүгүү тенденцияларын жарыялады. Ага ылайык, көрсөтүлгөн мезгилдин аралыгында 24 коммерциялык банк жана алардын 306 филиалы иштеп турган жана алардын тапкан таза кирешеси 9,5 млрд сомго жеткен. Улуттук банктын билдирүүсүнө караганда, банк системасынын жалпы активдери төрт ай ичинде 28,

Эмгек министрлигинде качкындардын укуктарын коргоо маселеси каралды

Эмгек министрлигинде качкындардын укуктарын коргоо маселеси каралды

24-июнда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары Камчыбек Досматов БУУнун Качкындар иштери боюнча Жогорку комиссарынын башкармалыгынын Борбордук Азиядагы өкүлү Махир Сафарли менен жолугушту. Маалыматка ылайык, жолугушууда Досматов Кыргызстан качкындардын укуктарын коргоо жаатында эл аралык уюмдар менен тыгыз кызматташып келерин белгилеп, Бириккен Улуттар Уюмунун колдоосуна ыраазычылык билдирди.