КРга Россиядан которулган акча 33%га азайса, АКШдан 1.6 эсеге өстү

КРга Россиядан которулган акча 33%га азайса, АКШдан 1.6 эсеге өстү

Март айында Кыргызстанга акча которуулардын агымы (өткөн жылы март айында 214.3 млн доллар) 28%га азайып, 153.4 млн долларды түздү. Мындай маалыматты Улуттук банк билдирди.

139.6 млн доллар суммасында которулган акчанын эң чоң көлөмү Россиядан келип, бирок 2021-жылдын март айына салыштырмалуу 33%га азайган.

КРга акча которуу боюнча экинчи орунда АКШ турат, анын ичинен март айында 5.2 млн доллар түшкөн, өткөн жылдын март айына салыштырмалуу которулган акча 1.6 эсеге өскөн.

Кыргызстанга которулган акчанын 8.5 млн доллары башка өлкөлөргө туура келген.

Белгилей кетсек, жыл башынан бери (январь-март айларында) КРга которулган акчанын көлөмү 518.1 млн долларды (-4.6%) түздү. 2021-жылдын ушул эле мезгилинде 542.9 млн доллар келген эле.

Мындан тышкары окуңуз

Караколдогу ири спорт шаарчасынын курулушу кайсы этапта?

Караколдогу ири спорт шаарчасынын курулушу кайсы этапта?

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында Каракол шаарынын Кашка-Суу кичи районунда курулуп жаткан заманбап спорт шаарчасынын курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты. Ведомствонун маалыматына ылайык, Курулуш министрлиги тарабынан ишке ашырылып жаткан долбоор 12 гектар аянтты ээлейт. Анын алкагында 275

Бажы жайларында утилизациялык жыйым боюнча стенддер орнотулду

Бажы жайларында утилизациялык жыйым боюнча стенддер орнотулду

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу "Эко Оператор" мамлекеттик ишканасы тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн катышуучуларына утилизациялык жыйымды төлөө тартиби боюнча маалымат берүү иштерин улантууда. Ведомствонун маалыматына ылайык, бул багытта Мамлекеттик бажы кызматы менен кызматташуунун алкагында Түндүк-Чыгыш бажысында жана "Түндүк" темир жол бажысында атайын маалыматтык

Куланак ГЭСинин курулушуна байланыштуу жаңы көпүрө салынууда

Куланак ГЭСинин курулушуна байланыштуу жаңы көпүрө салынууда

Нарын облусунда Куланак ГЭСинин жана каналынын курулушуна байланыштуу жаңы жол жана көпүрө салынууда. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Маалыматка ылайык, курулуш иштери Нарын–Баетов унаа жолунун 33–38-чакырымдар аралыгында, Куланак жана Достук айылдарынын ортосунда жүргүзүлүп жатат. Облус башчысы курулуштун сапатына өзгөчө көңүл буруп, бардык иштерди белгиленген мөөнөттө жана

Фитосанитардык талаптарга жооп бербеген 7 250 даана гүл көчөтү утилизацияланды

Фитосанитардык талаптарга жооп бербеген 7 250 даана гүл көчөтү утилизацияланды

"Кең-Сай" карантиндик-фитосанитардык көзөмөл өткөрүү пунктунда Кытай Эл Республикасынан Өзбекстан Республикасына транзиттик багытта ташылып келе жаткан гүл көчөттөрүнө фитосанитардык көзөмөл жүргүзүлдү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, текшерүүнүн жүрүшүндө жүктүн курамында 24 түрдөгү, жалпы 7 250 даана гүл көчөтү бар экени аныкталып, аларга тиешелүү фитосанитардык