Түштүктөгү ишкерлер жеңилдетилген насыялар тууралуу билишпейт – маалымат жетпейт

Түштүктөгү ишкерлер жеңилдетилген насыялар тууралуу билишпейт – маалымат жетпейт

Ишкердик субъекттердин укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча ыйгарым укуктуу бизнес-омбудсмен институтунун өкүлдөрү атайын түштүк жергесине 17-майдан 20-майга чейин иш сапар уюштуруп, Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарына барып, ишкерлер менен бетме-бет жолугуп, алардын көйгөйүн угуп келишкен.

Бизнес-акыйкатчынын орун басары Нурлан Мусуралиев Баткендеги ишкерлер менен жолукканда алар жеңилдетилген насыялар тууралуу ЖМКдан гана билишкенин, каржылоо маселеси – негизги көйгөй экенин айтышкан.

«Эң көйгөйлүү нерсе – каржылоо маселеси экен. Мамлекет донор уюмдар менен биргеликте берип жаткан жеңилдетилген насыяларды ЖМКлардан гана билип калышат экен. Жергиликтүү бийлик тарабынан эч кандай маалымат берилбегенин айтышты.

Ошондой эле насыя алчу жол-жоболор өтө татаал экен. Бул деле түшүнүктүү, анткени коммерциялык банктардын өзүнчө талаптары бар. Айрыкча, ишкерлер чакан бизнестерге жеңилдик менен берилсе деген ойлорун билдиришти. Насыялардын пайыздары өтө эле жогору. Мисалы, депозитке акча салсаң, жылына 10-12% гана киреше аласың, бирок ошол эле учурда ошол банктан кредит алчу болсоң, 23%дан жогору болот, башкача айтканда, эки эсе көп.

Ишкерлер Баткен шаарында Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду жагынан соода жана тейлөө сектору эч кандай каржыланбай жаткандыгын айтышып, жардам берүүбүздү суранышты. Өзүңүздөр билгендей, Баткен шаарында соодадан башка өндүрүш дээрлик жокко эсе. Жергиликтүү бийлик тарабынан колдоо болбогонун айтышты», – деди Мусуралиев.

Мындан тышкары окуңуз

Караколдогу ири спорт шаарчасынын курулушу кайсы этапта?

Караколдогу ири спорт шаарчасынын курулушу кайсы этапта?

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында Каракол шаарынын Кашка-Суу кичи районунда курулуп жаткан заманбап спорт шаарчасынын курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты. Ведомствонун маалыматына ылайык, Курулуш министрлиги тарабынан ишке ашырылып жаткан долбоор 12 гектар аянтты ээлейт. Анын алкагында 275

Бажы жайларында утилизациялык жыйым боюнча стенддер орнотулду

Бажы жайларында утилизациялык жыйым боюнча стенддер орнотулду

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу "Эко Оператор" мамлекеттик ишканасы тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн катышуучуларына утилизациялык жыйымды төлөө тартиби боюнча маалымат берүү иштерин улантууда. Ведомствонун маалыматына ылайык, бул багытта Мамлекеттик бажы кызматы менен кызматташуунун алкагында Түндүк-Чыгыш бажысында жана "Түндүк" темир жол бажысында атайын маалыматтык

Куланак ГЭСинин курулушуна байланыштуу жаңы көпүрө салынууда

Куланак ГЭСинин курулушуна байланыштуу жаңы көпүрө салынууда

Нарын облусунда Куланак ГЭСинин жана каналынын курулушуна байланыштуу жаңы жол жана көпүрө салынууда. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Маалыматка ылайык, курулуш иштери Нарын–Баетов унаа жолунун 33–38-чакырымдар аралыгында, Куланак жана Достук айылдарынын ортосунда жүргүзүлүп жатат. Облус башчысы курулуштун сапатына өзгөчө көңүл буруп, бардык иштерди белгиленген мөөнөттө жана

Фитосанитардык талаптарга жооп бербеген 7 250 даана гүл көчөтү утилизацияланды

Фитосанитардык талаптарга жооп бербеген 7 250 даана гүл көчөтү утилизацияланды

"Кең-Сай" карантиндик-фитосанитардык көзөмөл өткөрүү пунктунда Кытай Эл Республикасынан Өзбекстан Республикасына транзиттик багытта ташылып келе жаткан гүл көчөттөрүнө фитосанитардык көзөмөл жүргүзүлдү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, текшерүүнүн жүрүшүндө жүктүн курамында 24 түрдөгү, жалпы 7 250 даана гүл көчөтү бар экени аныкталып, аларга тиешелүү фитосанитардык