Баткен боюнча ККМди тейлеген бир эле борбор бар, өзгөчө монополия – ишкерлер бийликке нааразы

Баткен боюнча ККМди тейлеген бир эле борбор бар, өзгөчө монополия – ишкерлер бийликке нааразы

Баткен боюнча ККМди тейлеген бир эле борбор бар, ал да өзгөчө монополия экен. Бул тууралуу Бизнес-акыйкатчынын орун басары Нурлан Мусуралиев Economist.kg басылмасына билдирди.

Бизнес-омбудсмен институтунун өкүлдөрү атайын түштүк жергесине май айында иш сапар уюштуруп, Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарына барып, ишкерлер менен бетме-бет жолугуп, алардын көйгөйүн жакындан, өз ооздорунан угуп келишкен.

Анда Баткен облусундагы ишкерлер ККМди тейлөө борбору облус боюнча бирөө эле экенин, аппарат бузулганда алыс жол жүрүш керек болгонун айтышкан.

«Баткен облусунда ККМди тейлеген бир эле борбор бар экен, ал өзгөчө монополия экен. ККМ бузулса, Ошко, Жалал-Абадга барып оңдоого туура келээрин, ага бир топ акча кетээрин айтып, нааразы болушту.

ККМдин альтернативдүү дагы бир жолу бар, ал телефонго жүктөлгөн программа, бирок анда да система жакшы иштебей калат экен. Бийлик шарт түзбөй туруп, аларга талап койгондоруна ишкерлер нааразы болушууда», – деди Бизнес-омбудсмендин орун басары.

Мындан тышкары окуңуз

Бажы жайларында утилизациялык жыйым боюнча стенддер орнотулду

Бажы жайларында утилизациялык жыйым боюнча стенддер орнотулду

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу "Эко Оператор" мамлекеттик ишканасы тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн катышуучуларына утилизациялык жыйымды төлөө тартиби боюнча маалымат берүү иштерин улантууда. Ведомствонун маалыматына ылайык, бул багытта Мамлекеттик бажы кызматы менен кызматташуунун алкагында Түндүк-Чыгыш бажысында жана "Түндүк" темир жол бажысында атайын маалыматтык

Куланак ГЭСинин курулушуна байланыштуу жаңы көпүрө салынууда

Куланак ГЭСинин курулушуна байланыштуу жаңы көпүрө салынууда

Нарын облусунда Куланак ГЭСинин жана каналынын курулушуна байланыштуу жаңы жол жана көпүрө салынууда. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Маалыматка ылайык, курулуш иштери Нарын–Баетов унаа жолунун 33–38-чакырымдар аралыгында, Куланак жана Достук айылдарынын ортосунда жүргүзүлүп жатат. Облус башчысы курулуштун сапатына өзгөчө көңүл буруп, бардык иштерди белгиленген мөөнөттө жана

Фитосанитардык талаптарга жооп бербеген 7 250 даана гүл көчөтү утилизацияланды

Фитосанитардык талаптарга жооп бербеген 7 250 даана гүл көчөтү утилизацияланды

"Кең-Сай" карантиндик-фитосанитардык көзөмөл өткөрүү пунктунда Кытай Эл Республикасынан Өзбекстан Республикасына транзиттик багытта ташылып келе жаткан гүл көчөттөрүнө фитосанитардык көзөмөл жүргүзүлдү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, текшерүүнүн жүрүшүндө жүктүн курамында 24 түрдөгү, жалпы 7 250 даана гүл көчөтү бар экени аныкталып, аларга тиешелүү фитосанитардык

Кыргызстанда бир күндө үч жер титирөө катталды

Кыргызстанда бир күндө үч жер титирөө катталды

Кыргызстанда 9-августта үч жер титирөө катталды. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту билдирди. Маалыматка ылайык, биринчи жер титирөө саат 09:33тө болуп, анын күчү болжол менен 3 баллга жеткен. Очогу Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасында, Көчүбаев айылынан 7 чакырым түндүк-батышта жайгашкан. Аймакта силкинүүнүн күчү 2 балл болгон.