«Альянс Алтын» 7 жашта. Компания бул мезгилде Кыргызстан үчүн эмнелерди жасады

«Альянс Алтын» 7 жашта. Компания бул мезгилде Кыргызстан үчүн эмнелерди жасады

2022-жылдын июнь айында Жерүй кенин иштетип жаткан “Альянс Алтын” компаниясы 7 жылдыгын белгиледи. Ишкана 2015-жылдын июнь айында түзүлүп, Талас облусунда катталган.

Ошол эле жылдын август айында “Альянс Алтын” “Жерүй” алтын кенин иштетүүгө лицензия алган. Ачык жол менен казуу 2019-жылдын октябрь айында башталып, 2021-жылдын мартында алтынды жана калдыктарды бөлүп алуу фабрикасы толук ишке киргизилген.

Талас алтын кенинин салтанаттуу ачылышы Кыргызстан менен Россиянын президенттеринин катышуусунда түз эфирде көрсөтүлгөн.

Төлөмдөр жана бюджетти толтуруу

2015-жылдын май айынан бери Кыргызстандын бюджетине жана бюджеттен тышкаркы фонддорго төлөмдөрдүн жалпы көлөмү 6.5 млрд сомду тузүп, анын ичинде 4 млрд сом алтынды сатуудан түшкөн.

Талас районунун жергиликтүү бюджетине инфраструктураны өнүктүрүү жана кармоо үчүн «Альянс Алтын» ЖЧКсы тарабынан 391 млн 576 миң сом төлөнүп, анын ичинен:

  • Талас облусунун өнүктүрүү фондуна (50%) — 195 млн 788 миң сом
  • Талас районунун өнүктүрүү фондуна (30%) —117 млн 473 миң сом
  • Бекмолдо айылдык Кеңешинин өнүктүрүү фондуна (20%) –78 млн 315 миң сом бөлүнгөн.

Кошумчалай кетсек, мындан тышкары компания кенди иштетүүгө лицензия алуу үчүн 100 млн доллар төлөгөн. Белгилей кетсек, бул Кыргызстанда буга чейин сатылып алынган эң кымбат лицензия болуп саналат.

“Альянс Алтын” компаниясы Кыргызстандын Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү менен социалдык пакет боюнча келишимге кол койгон. Лицензия берилгенден баштап бүгүнкү күнгө чейин компания «Бакубат Талас» фондуна 750 млн сом которуп, ал аркылуу ар кандай багыттагы долбоорлор ишке ашырылып келет.

Алтын

2021-жылы ишкана 2776 кг аффинаждалган алтын өндүргөн, ал эми 2022-жылдын январь-апрель айларында анын көлөмү – 1443 кг болгон.

Иш орундары

Учурда “Жерүй” кенинде 707 кызматкер эмгектенет.

Март айына карата «Альянс Алтын» ЖЧКсында жалпысынан 707 кызматкер иштейт:

  • Бишкектен – 99 жумушчу (кызматкерлердин жалпы санынын 14%)
  • башка аймактардан – 186 кызматкер (28%)
  • Талас облусунан – 422 жумушчу (59%), анын ичинен Бекмолдо айылдык кеңешинен – 161 кызматкер (Талас облусундагы кызматкерлердин жалпы санынын 24%).

Подряддык уюмдарды кошкондо кенде жалпысынан 1200дөн ашык адам эмгектенет.

Экология

Экология жана айлана-чөйрөнү коргоо маселелери «Альянс Алтындын» ишмердигинде артыкчылыктуу багыт болуп саналат. Алтынды бөлүп алуу фабрикасында акыркы калдыктарды зыянсыздандыруу жана чыпкалоо үчүн эң заманбап технологиялар колдонулат.

Жерүйдөгү калдык сактоочу жай Кыргызстандагы гана эмес, КМШ боюнча эң коопсуз жайлардын бири болуп саналат жана бир нече деңгээлдеги коргоону камсыз кылат.

Мультипликативдик таасир жана социалдык коргоо

Талас облусунда жаңы ишканалар ачылып, жумуш орундары түзүлүп, миграциянын деңгээли төмөндөп, калктын бакубаттуулугу жогорулап жатат. Мунун баары жалпысынан райондун социалдык-экономикалык абалына оң таасирин тийгизүүдө.

2021-жылдын жыйынтыгы боюнча облустук бюджеттин киреше бөлүгү 2 млрд 800 млн сомдон ашты. Салыштыруу үчүн, 2020-жылы бул көрсөткүчтөр 860 млн сомду түзгөн.

Жыл сайын “Альянс Алтын” ишканасы “Бакубат Талас” фонду аркылуу социалдык объектилердин жаңысын курууга жана эскилерин оңдоого, инфраструктураны жакшыртууга, чакан жана орто бизнеске кайтарымсыз насыяларды берүүгө 150 млн сом бөлүп келет.

“Бакубат Талас” Талас облустук бириккен ооруканасын керектүү медициналык жабдуулар, эмеректер жана дары-дармектер менен камсыз кылды. Облус аймагындагы аялдарды маммографиялык текшерүүдөн акысыз өткөрүүгө дээрлик 1 млн сом бөлүнүп, негизги максат эмчек рагын алдын алуу жана алгачкы стадиясында аныктоо болуп саналат.

Ошондой эле «Альянс Алтын» компаниясынын колдоосу менен Жерүй кенине жакын жерде жашаган жапайы жана анын ичинде Кызыл китепке кирген жаныбарларды коргоо жана алардын санын көбөйтүү иштери күчөтүлдү.

Аңчылардын иш-аракеттерине бөгөт коюуга тосмо орнотуу жана жергиликтүү мергенчилер менен балыкчылардын коомуна колдоо көрсөтүүгө шарт түзүлдү. Учурда аңчылык лицензиясын берүүгө тыюу салынган. Жакынкы арада Талас районунун дарыяларын Аму-Дарыя форели менен камдоо боюнча экологиялык долбоор ишке ашуу алдында турат.

Мындан тышкары окуңуз

Дүйнөдөгү эң бай адамдар кимдер?

Дүйнөдөгү эң бай адамдар кимдер?

Дүйнөдөгү эң бай адам катары акшлык Илон Маск турат. Анын бүгүнкү күндө 957 млрд долларлык байлыгы бар. Илон Масктан кийинки экинчи бай адам катары акшлык Лари Пейдж эсептелет. Ларри Пейдж Google компаниясынын негиздөөчүсү жана мурдагы жетекчиси болуп саналат. Анын жалпы байлыгы 304 млрд долларды түзөт. 3-орунда 283 млрд доллар

Зардалы айылына заманбап үйлөр курулат

Зардалы айылына заманбап үйлөр курулат

Баткен облусунун Зардалы айылында заманбап турак жайлар курулат. Бул тууралуу президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасынан билдирди. Анын айтымында, мурда жетүүгө кыйын болгон аймактарда жашоо шарттарын жакшыртуу багытында иштер жүрүп жатат. Зардалы айылында акыркы жылдары электр энергиясы тартылып, уюлдук байланыш жана интернет ишке киргизилген, ошондой

КРдагы банктар 4 айда  9,5 млрд сом таза киреше табышкан

КРдагы банктар 4 айда 9,5 млрд сом таза киреше табышкан

КРнын Улуттук банкы өлкөнүн банк секторунун 2026-жылдын 30-апрелине карата өнүгүү тенденцияларын жарыялады. Ага ылайык, көрсөтүлгөн мезгилдин аралыгында 24 коммерциялык банк жана алардын 306 филиалы иштеп турган жана алардын тапкан таза кирешеси 9,5 млрд сомго жеткен. Улуттук банктын билдирүүсүнө караганда, банк системасынын жалпы активдери төрт ай ичинде 28,

Эмгек министрлигинде качкындардын укуктарын коргоо маселеси каралды

Эмгек министрлигинде качкындардын укуктарын коргоо маселеси каралды

24-июнда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары Камчыбек Досматов БУУнун Качкындар иштери боюнча Жогорку комиссарынын башкармалыгынын Борбордук Азиядагы өкүлү Махир Сафарли менен жолугушту. Маалыматка ылайык, жолугушууда Досматов Кыргызстан качкындардын укуктарын коргоо жаатында эл аралык уюмдар менен тыгыз кызматташып келерин белгилеп, Бириккен Улуттар Уюмунун колдоосуна ыраазычылык билдирди.