Токтогул шаары 5,3 млн сомго таштанды ташуучу унаа сатып алды
Токтогул шаарындагы муниципалдык "Ыңгайлуу шарт" ишканасы жаңы таштанды ташуучу атайын унаа менен камсыз болду. Техника Жалал-Абад облустук өнүктүрүү фондунун эсебинен каржыланган долбоордун алкагында алынган. Бул тууралуу шаардык мэриядан маалымдашты.
Мэриянын билдирүүсүнө ылайык, долбоордун жалпы наркы 5 млн 300 миң сомду түзөт. Анын алкагында муниципалдык ишканага "Шакман" үлгүсүндөгү заманбап таштанды ташуучу унаа берилди.
Жаңы техника шаардагы коммуналдык кызматтардын ишин жакшыртууга, таштандыларды өз убагында чыгарууга жана санитардык тазалыкты камсыздоого багытталган.
Долбоор президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаевдин колдоосу менен ишке ашырылган.
Шаардык мэрия мындан ары да инфраструктураны жакшыртуу жана тургундарга көрсөтүлүүчү коммуналдык кызматтардын сапатын жогорулатуу боюнча долбоорлорду улантарын билдирди.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу