Чет өлкөдөн которулган акчалар сом түрүндө гана берилиши керекпи?

Чет өлкөдөн которулган акчалар сом түрүндө гана берилиши керекпи?

Бүгүн, 8-июнда, Жогорку Кеңештин жыйынында эмне үчүн коммерциялык банктар башка өлкөдөн которулган акчаларды сом менен гана берип жатышкандыгы жөнүндө Улуттук Банктын өкүлдөрүнө суроо берилди.

«Эмне үчүн Россиядан которулган акчаларды элдер рубль түрүндө ала албай жатышат?» – деп сурады депутат Жалолидин Нурбаев.

«Эгерде Россиядан рубль менен акча которулса, бул жакта рубль түрүндө берилиши керек. Банктар рубль менен бербей, сом алгыла деп кардарларды мажбурласа, бул мыйзам бузуу болуп эсептелет. Мындай фактылар боюнча Улуттук Банкка кайрылышса, биз тиешелүү чараларды көрөбүз. Биздин сайтта бүт телефон номурлары жазылган… УБ жалпы кабыл алуучу номуруна түз кайрылса болот: (0312) 61-04-86», – деп жооп берди Улуттук Банктын төрагасынын орун басары Нурбек Жеңиш.

«Он күн мурун ушул суроо боюнча бүт коммерциялык банктардын жетекчилерин чакырып, эскертме бергенбиз. Эгерде ушундай фактылар катталса, биз мыйзам чегинде тиешелүү катуу чараларды колдонобуз», – деп дагы бир жолу эскертти Нурбек Жеңиш. Бирок доллар менен келген которуулар боюнча унчуккан жок.

Ал эми бул учурда коммерциялык банктар башка өлкөдөн келген доллар түрүндөгү которууларды кассада доллар жок деген шылтоо менен ылдый курс менен сом түрүндө берип жатат. «АКШдан гана которулган акчаны доллар менен бере алабыз, башка өлкөлөрдөн салынган долларларды доллар түрүндө берүүгө Улуттук Банк тыюу салган», – деп айтышууда «Демир Банк»,«Оптима Банк», «Кыргызкоммерцбанк» ж.б. бир катар банктардын кызматкерлери.

Мындан тышкары окуңуз

Дүйнөдөгү эң бай адамдар кимдер?

Дүйнөдөгү эң бай адамдар кимдер?

Дүйнөдөгү эң бай адам катары акшлык Илон Маск турат. Анын бүгүнкү күндө 957 млрд долларлык байлыгы бар. Илон Масктан кийинки экинчи бай адам катары акшлык Лари Пейдж эсептелет. Ларри Пейдж Google компаниясынын негиздөөчүсү жана мурдагы жетекчиси болуп саналат. Анын жалпы байлыгы 304 млрд долларды түзөт. 3-орунда 283 млрд доллар

Зардалы айылына заманбап үйлөр курулат

Зардалы айылына заманбап үйлөр курулат

Баткен облусунун Зардалы айылында заманбап турак жайлар курулат. Бул тууралуу президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасынан билдирди. Анын айтымында, мурда жетүүгө кыйын болгон аймактарда жашоо шарттарын жакшыртуу багытында иштер жүрүп жатат. Зардалы айылында акыркы жылдары электр энергиясы тартылып, уюлдук байланыш жана интернет ишке киргизилген, ошондой

КРдагы банктар 4 айда  9,5 млрд сом таза киреше табышкан

КРдагы банктар 4 айда 9,5 млрд сом таза киреше табышкан

КРнын Улуттук банкы өлкөнүн банк секторунун 2026-жылдын 30-апрелине карата өнүгүү тенденцияларын жарыялады. Ага ылайык, көрсөтүлгөн мезгилдин аралыгында 24 коммерциялык банк жана алардын 306 филиалы иштеп турган жана алардын тапкан таза кирешеси 9,5 млрд сомго жеткен. Улуттук банктын билдирүүсүнө караганда, банк системасынын жалпы активдери төрт ай ичинде 28,

Эмгек министрлигинде качкындардын укуктарын коргоо маселеси каралды

Эмгек министрлигинде качкындардын укуктарын коргоо маселеси каралды

24-июнда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары Камчыбек Досматов БУУнун Качкындар иштери боюнча Жогорку комиссарынын башкармалыгынын Борбордук Азиядагы өкүлү Махир Сафарли менен жолугушту. Маалыматка ылайык, жолугушууда Досматов Кыргызстан качкындардын укуктарын коргоо жаатында эл аралык уюмдар менен тыгыз кызматташып келерин белгилеп, Бириккен Улуттар Уюмунун колдоосуна ыраазычылык билдирди.