ЕЭК мүчөлөрү кыргыз-казак чек арасында Казакстан тарабынан мыйзам бузуулар болгонун аныкташты

ЕЭК мүчөлөрү кыргыз-казак чек арасында Казакстан тарабынан мыйзам бузуулар болгонун аныкташты

Кыргызстандын мамлекеттик органдары жана Евразия экономикалык комиссиясынын өкүлдөрү кыргыз-казак чек арасында Казакстан тарап мыйзам бузганын аныкташты. Бул тууралуу Экономика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, КР тарабындагы «Ак-Тилек» жана Казакстан тарабындагы «Кордай», «Карасуу» көзөмөл-өткөрүү пункттарында таанышуу сапары болуп өттү. Иш-чарага ошондой эле Бажы кызматташтыгы боюнча кеңештин мүчөсү Максат Мамытканов жана ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү катышты.

«Казакстан Мамлекеттик кирешелер комитетинин (МКК) кызматкерлери «Кордай» жана «Карасуу» пункттарында ЕАЭБ келишиминин негизги принциптерине жана нормаларына каршы иш алып барышат. Ошондой эле, Казакстан Мамлекеттик кирешелер комитети тарабынан бардык жүк ташуучу унаалардан салык жыйналып жаткандыгы далилденген», — деп айтылат маалыматта.

Казакстан Чек ара кызматынын кызматкерлери 2022-жылдын май айында «Карасуу» көзөмөл-өткөрүү пункту аркылуу Кыргызстандан Казакстанга 22.4 миң жүк ташуучу унаа өткөргөнүн белгилешти (орточо эсеп менен 5 мүнөттө 1 жүк ташуучу унаа өткөрүлөт).

Бирок, Казакстан чек ара кызматынын маалыматына жана Казакстан Мамлекеттик кирешелер комитетинин расмий билдирүүсүнө ылайык, 1 жүк ташуучу унааны «Карасуу» өткөрмө пункту аркылуу өткөрүү убактысы болжол менен 15-20 мүнөттү түзөт (май айында 2.9 миңге жакын жүк ташуучу унаа өтүшү керек болчу).

«Казакстан Мамлекеттик кирешелер комитетинин жана Казакстан Улуттук коопсуздук комитетинин кызматкерлери тарабынан берилген дал келбестиктер ката деп табылды. Буга байланыштуу делегация казак тарап берген маалыматтар туура эмес жана күмөндүү экенин, анын үстүнө алар кыргызстандык экспортёрлордун беделин түшүрүү максатында фальсификация катары каралып жатканын белгиледи. Бул фактыларды эки тараптын жүк ташуучу унааларынын айдоочулары да ырасташты», – деп айтылат маалыматта.

Ошону менен бирге делегация мүчөлөрү кыргыз тарап ЕАЭБ боюнча келишимдин бардык нормаларын аткарарын көргөндүгү жөнүндө айтылды.

Жолугушуунун жыйынтыгында катышуучулар казак тарапты ЕАЭБ боюнча келишимдин нормаларын жана жоболорун сактоого, ошондой эле 2020-жылдын 9-июнунда ЕЭК Комиссиясынын Коллегиясы бекиткен тоскоолдукту жоюу боюнча бардык чараларды көрүүгө чакырышты.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте тынчтык мыйзамына жараша коомдук тартипти сактоо көзөмөлдөнүүдө

Бишкекте тынчтык мыйзамына жараша коомдук тартипти сактоо көзөмөлдөнүүдө

Бишкек шаарынын ИИББнын кызматкерлери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын, анын ичинде тынчтыкты жана коомдук тартипти сактоону камсыз кылуу боюнча түшүндүрүү иштерине багытталган профилактикалык иш-чараларды өткөрүшүүдө. Шаардык милициянын маалыматына ылайык, иш-чаралардын жүрүшүндө милиция кызматкерлери борбор калаадагы бир катар түнкү жана көңүл ачуучу жайларга барып, алардын ээлери, администраторлору жана кызматкерлери менен

Бажы кызматы: уюлдук телефон сатып алууда анын каттоодон өткөнүн текшериңиз

Бажы кызматы: уюлдук телефон сатып алууда анын каттоодон өткөнүн текшериңиз

Кыргызстанда уюлдук түзүлүштөрдү идентификациялоо боюнча жаңы талаптар 2025-жылдын август айынан тартып күчүнө кирген. Ушуга байланыштуу Бажы кызматы жарандарды смартфон сатып алууда анын расмий түрдө өлкөгө киргизилгенине жана каттоодон өткөнүнө көңүл бурууга чакырууда. Бул талаптардын негизги максаты — уюлдук түзүлүштөрдүн мыйзамдуу жүгүртүлүшүн камсыз кылуу, контрабандага бөгөт коюу жана керектөөчүлөрдүн укугун коргоо.

Россияда айдоочусу жок поезд сыноодон өтүп жатат

Россияда айдоочусу жок поезд сыноодон өтүп жатат

Россияда төртүнчү деңгээлдеги автоматташтыруу системасы менен жабдылган “Ласточка” электр поездин сынай башташты. Сыноолор Москвадагы борбордук шакек темир жолунда (МЦК) өткөрүлүп жатат. Бул тууралуу РИА-Новости маалымдады. Билдирүүгө караганда, жаңы технологиянын өзгөчөлүгү — поездди башкаруу үчүн анын ичинде машинисттин болушу талап кылынбайт. Поезд өз алдынча ылдамдап, тормоз басып, эшиктерди ачып-жабат. Анын

Бостериде VIII Кыргыз-Россия экономикалык форуму болуп өттү

Бостериде VIII Кыргыз-Россия экономикалык форуму болуп өттү

2026-жылдын 6-7-августунда Ысык-Көл облусунун Бостери айылында өткөн VIII Кыргыз-Россия экономикалык форуму болуп өтту. Иш-чара Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынынын алкагында уюштурулуп, ага Кыргызстан менен Россиянын мамлекеттик органдарынын, бизнес ишканаларынын, өнүктүрүү институттарынын жана эксперттик коомчулуктун өкүлдөрү катышты. Форумдун биринчи күнүнүн жыйынтыгында бир катар келишимдерге кол