20-ноябрда Бишкектин кээ бир аймактарында суу берилбейт

20-ноябрда Бишкектин кээ бир аймактарында суу берилбейт

Бишкектин Алтын-Ордо, Кара-Жыгач конуштары жана Полиция шаарчасында 20-ноябрда саат 08:00дөн 20:00гө чейин таза суу берүү убактылуу токтотулат.

Бишкек мэриясы кабарлагандай, суу берүү токтотула турган аймак Достоевский, Анкара, Ауэзов көчөлөрү жана темир жол линиясы менен чектелет.

Суу берүү "Контррезервуары" суу топтомосунда трансформатордук көмөк чордондун реконструкциялоо иштерине байланыштуу токтотулат.

"Бишкексууканал" муниципалдык ишканасы жаралган ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана тургундарды, мекеме-уюмдарды ичүүчү сууну алдын ала камдап алууга чакырат.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads жана Х каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. 
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Кыргызстан менен Казакстан салык тармагындагы кызматташтыкты талкуулады

Улуттук банк 1 коммерциялык банкка 5 миң 354 сом айып пул салды

Кыргыз-өзбек чек арасында бажы-логистикалык терминал ачылды

Кыргыз-казак соода-экономикалык кызматташтыгы талкууланды

Улуттук банк бир нече акча алмашуу жайына чара колдонуп, 1 жаранга айып пул салды