Эми карызга акча берсе болбойт экенин кыргызстандыктар билеби?
Кыргыз эли дайыма жакындарына жардам берүүгө даяр. Акыркы 30 жылдын ичинде көптөгөн кыйынчылыктарды баштан өткөрүп, өз ара жардамдашуу жөнөкөй элди куткарып келген. Бизнес ачууга, үй курууга, машина сатып алууга, той өткөрүүгө болобу, бири-бирибизден карызга акча алып турууга көнгөнбүз. Жана кризистерден туугандардын жардамы менен чыгып келебиз.
Бирок Жогорку Кеңештин депутаттарынын ойлонбой сунуштаган бир чечими биздин өз ара жардамдашуу системабызга шек келтирип жатат.
2021-жылы депутаттар банк ишинде жана каржылоодо исламдык принциптерге байланыштуу укуктук нормаларды жөнгө салуу үчүн КР Граждандык кодексине түзөтүүлөрдү киргизишкен. Чындыгында болсо, өзгөртүүлөр укуктук конфликттерге жана көмүскө экономиканын гүлдөшүнө алып келди. Жарандардын жана уюмдардын КР Конституциясында бекитилген экономикалык эркиндикке болгон негизги укугу бузулган.
Тагыраак айтканда, азыр жеке адамдар да, юридикалык жактар да лицензиясы жок эч кимге айына бир жолудан ашык карыз берүүгө укугу жок. Карапайым элге эч кандай жеңилдик каралган эмес. Кимге карыз бергени маанилүү эмес – кошунасына да, жадагалса аялына да бере албайт. Жана карыз алгандар пайыз төлөйбү-төлөбөйбү, мааниге ээ эмес. Азыр лицензиясыз насыя алуу мыйзамсыз деп эсептелет. Бул тантык сөз эмеспи?
Ким эле досторуна карызга берүү үчүн эле лицензия алсын? Эл кезек күтүү, бюрократия эмне экенин билгендиктен, жөнү жок мамлекеттик органдарга кайрылгысы келбейт.
Мындай жагдай жөнүндө карапайым кыргызстандыктар билеби? Бул суроо менен Бишкектин көчөлөрүн кыдырдык.
«Мен карыз бербейм. Бере турган эч нерсе жок», – деген эң популярдуу жооп болду.
«Мен карыз албасам гана, бербейм. Болжол менен ай сайын бир эле адамдан алам. Ага бул мыйзам жөнүндө айтып коюшум керек экен, болбосо ал билбейт», – деди бишкектик аялдардын бири.
Маалым болгондой, сурамжылоого катышкандардын үчтөн бир бөлүгү гана кээде досторуна, кесиптештерине же туугандарына карызга акча беришет. Калгандарында андай мүмкүнчүлүк жок. Ал эми бергендердин ичинен бир дагы адам мыйзамдагы өзгөртүүлөр жөнүндө уккан эмес.
«Мени эч нерсе таң калтырбайт. Депутаттар желектин түсүн өзгөртүүнү же Бишкектин атын өзгөртүүнү гана сунуштай алышат. Карапайым эл кандай жашап жатат, аларга баары бир», – дейт респонденттердин бири.
«Катуу кризисте мындай мыйзамды кабыл алуу – өз элине, шайлоочуларына карата жасалган кылмыш! Эртеден кечке кара терге түшүп иштейбиз, бирок акчабыз азык-түлүккө да жетпейт. Ар бир адам мезгил-мезгили менен карыз алууга туура келет. Депутаттар кимдин кызыкчылыгын коргоп жатат? Алар карапайым элдин кандай жашап жатканын билишпейт окшойт», – дейт дагы бир Бишкектин тургуну ачууланып.
«Кээде карызга берем. Мен түзөтүүлөрдүн бар экенин билген эмесмин. Бул мыйзам кандай иштейт? Мамлекет ким кимге, канча жолу карыз бергенин кантип аныктайт? Бирөөдөн карыз алдым деп эл өзү айтпайт. Менимче, бизде экономиканын чоң бөлүгү көмүскөдө», – деди маектештердин бири.
Чынында эле бул мыйзамдын аткарылышын көзөмөлдөө кыйын. Аны калың папкага салып, кагаз жүзүндө гана калган мыйзамдардын арасына жөнөтсө болмок. Эгерде бир “бирок” деген сөз болбогондо.
Жарандык кодекске киргизилген өзгөртүүлөр алдамчылар үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөрдү түзөт. Карыз берүүчүнүн тиешелүү лицензиясы жок деген шылтоо менен акчаны карызга алып, кайра бербей коюшу мүмкүн. Башкача айтканда, шантаж менен алектенишет. Же болбосо, дароо сотко бериши мүмкүн. Ошентип, эл түзөтүүлөр тууралуу канчалык аз билсе, алдамчыларга мыйзамды өз пайдасына колдонуу ошончолук жеңил болот.
Коомдо укуктук сабатсыздык жыл сайын күчөп баратат. Тынымсыз өзгөрүп турган мыйзамдарды изилдөөгө адамдардын убактысы жок. Же андагы татаалдашкан сүйлөмдөрдү жөн эле түшүнбөйт. Андыктан депутаттардын ролу жогорулап жатат. Алар элдин кызыкчылыгын чагылдырган, ойлонуштурулган жана түшүнүктүү мыйзамдарды кабыл алууга милдеттүү. Ал эми кандайдыр бир мыйзамда ката кеткен болсо, анда аны тез арада оңдошу керек. Болбосо, укуктук сабатсыздык Жогорку Кеңешке да кирди деп айтуудан башка арга жок.