Ош мэри Жеңишбек Токторбаев кызматтан алынып, ордуна Жанарбек Акаев мэр болуп дайындалды

Ош мэри Жеңишбек Токторбаев кызматтан алынып, ордуна Жанарбек Акаев мэр болуп дайындалды

Жеңишбек Токторбаев Ош шаарынын мэри кызматынан бошотулуп анын ордуна Жанарбек Акаев Ош шаарынын мэри болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Жанарбек Акаев Кубанычович 2011-жылы Ош мамлекеттик университетин журналистика адистиги боюнча бүтүргөн. 2008-2014-жылдары “Азаттык” радиосунун кыргыз кызматында эмгектенген.

2015-жылы Кыргыз Республикасынын президентинин басма сөз катчысы. 2015-жылдын 4-октябрында КСДП партиясынын тизмеси боюнча VI чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган. Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин мүчөсү.

2015-2017-жылдары Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин төрагасынын орун басары болуп иштеген. Ошондой эле 7-жана 8-чакырылыштардын депутаты болуп шайланган.

Мындан тышкары окуңуз

Ала-Бука – Кербен жолуна асфальт төшөлүүдө

Ала-Бука – Кербен жолуна асфальт төшөлүүдө

Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука – Кербен автомобиль жолунда асфальт төшөө иштери кызуу уланууда. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынын айтымына караганда, 2026-жылга карата титулдук тизмеге ылайык, аталган жолдун 7 чакырым тилкесин асфальттоо каралган. Учурда №17 Жол эксплуатациялоо мекемеси тарабынан иштер белгиленген графикке ылайык аткарылып, жолдун сапатын жакшыртуу жана кыймылдын

Нурбек Букуев Саламаттык сактоо министринин орун басары болуп дайындалды

Нурбек Букуев Саламаттык сактоо министринин орун басары болуп дайындалды

Нурбек Букуев Саламаттык сактоо министринин орун басары болуп дайындалды. Н.Букуев Бакытбек Кадыралиевдин ордуна дайындалды. Букуев мурдаУлуттук окология жана гематология борборун жетектеп келген. Эске салсак, Нурбек Букуев Садыр Жапаровдун мурдагы кеңешчиси Медет Букуевдин баласы.  Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын

Бишкекте туруктуу жумушу жок 47 жаран чач тарач кесибин өздөштүрдү

Бишкекте туруктуу жумушу жок 47 жаран чач тарач кесибин өздөштүрдү

2026-жылдын 7 айында борбор калаада 1114 жумушсуз жаран кесиптик окууга жөнөтүлүп, алардын 986сы окуусун аяктады. Бул тууралуу Бишкек шаардык иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, алардын катарында A.N.B. окуу борборунда "Кеңири профилдеги чач тарач" адистиги боюнча билим алган 47 адам бар. Бүтүрүүчүлөргө

Өлкөнүн айрым аймактарында дрон учурууга чектөө киргизилди

Өлкөнүн айрым аймактарында дрон учурууга чектөө киргизилди

27-августтан баштап өлкөнүн бир нече аймактарында дрон учурууга убактылуу чектөө киргизилет. Бул тууралуу Жарандык авиация агенттиги билдирди. Маалым болгондой, чектөөлөр Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйыны жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына байланыштуу. 27-августтан 10-сентябрга чейин Бишкек шаарында, Чүй жана Ысык-Көл облустарында дрон колдонууга чектөө