Токмок жана Кара-Балта шаарларына бөлүнгөн каражаттар натыйжалуу өздөштүрүлбөгөнү ачыкталды

Токмок жана Кара-Балта шаарларына бөлүнгөн каражаттар натыйжалуу өздөштүрүлбөгөнү ачыкталды

Өлкө казынасынан Токмок жана Кара-Балта шаарларынынын ар бирине 1 млрд сомдон бөлүнгөн каражаттардын өздөштүрүлүшү натыйжасыздыгын көрсөткөнүн президенттин Чүй облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Санжар Жантаев Чүй облусунда аткарылган иштер жана быйылкы жылга пландарды талкуулаган жыйында билдирди.

Анын айтымында, Кара-Балтага бөлүнгөн каражатка базар, сейил бактарды көрктөндүрүү, жолдорду оңдоо жана видеокөзөмөл системаларын орнотуу сыяктуу иштер толук аяктаганы менен ири социалдык жана инженердик объекттер эксплуатацияга берилген эмес.

“Айрыкча суу менен камсыздоо жана канализация системасын жаңылоо долбоору боюнча иштер толук бүткөрүлбөй, гидравликалык сыноолор, тазалоо жана дезинфекциялоо жүргүзүлгөн эмес, абоненттер жаңы тармактарга кошулган эмес. Натыйжада, Кара-Балта шаарында бир катар объекттер белгиленген мөөнөттө аяктабай, курулуш мөөнөтү узарган”,- деди Жантаев.

Ал эми, Токмок шаарында да каражаттардын бир бөлүгү жол куруу, инженердик инфраструктура, соода павильондору жана жылуулук чарбасын модернизациялоо сыяктуу объекттерге багытталып, айрым иштер гана толук аткарылгандыгы маалымдалды.

“Токмокто стадион, сейил бак куруу жана башка ири объекттер толук аяктаган эмес же этаптык түрдө гана ишке ашырылган. Ошону менен бирге кошумча ири каржылоону талап кылган жаңы объекттердин тизмеси кеңейип жатат. Бул жагдайлар бөлүнгөн ири бюджеттик каражаттар шаарлардын экономикасына күтүлгөн мультипликативдик таасир бербестен, тескерисинче, бүтпөй калган социалдык объекттердин санын көбөйтүп, кошумча финансылык жана уюштуруучулук тобокелдиктерди жаратканын көрсөтөт. Токмок шаарынын мэриясы президенттин Турукташтыруу фондунан бөлүнгөн каражатты өздөштүрүүнү бүгүнкү күнгө чейин баштай элек”,- деди ал.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров: Баткендин кирешеси 777 млн сомго өстү

Садыр Жапаров: Баткендин кирешеси 777 млн сомго өстү

Өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында Сүлүктү шаарынын жана Лейлек районунун тургундары менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Жолугушууда мамлекет башчысы аймактардын өнүгүүсү туруктуу өсүү менен түздөн-түз байланыштуу экенин белгиледи. "Алгач Баткен облусунун бюджети тууралуу сөз кыла кетейин. 2020-жылы жергиликтүү бюджеттин

Ишкер Media
Энергетика министри Токтогул ГЭСинин күз-кышка даярдыгын текшерди

Энергетика министри Токтогул ГЭСинин күз-кышка даярдыгын текшерди

Энергетика министри Алтынбек Рысбеков Жалал-Абад облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Токтогул ГЭСине барып, энергетикалык объектилердин күз-кыш мезгилине даярдыгын текшерди. Бул тууралуу министрликтен кабарлашты. Министр станциянын жабдууларынын учурдагы абалы, оңдоо иштери жана 2026-2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык менен таанышты. Маалыматка ылайык, модернизация долбоорунун алкагында Токтогул ГЭСиндеги төрт

Ишкер Media
Кара-Кулжада жер көчкү болуп, 2 үй-бүлө эвакуацияланды

Кара-Кулжада жер көчкү болуп, 2 үй-бүлө эвакуацияланды

10-октябрда саат 14:00 чамасында Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Тогуз-Булак айылынын Доңуз-Ой тилкесинде жер көчкү активдешкен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. ӨКМдин маалыматына ылайык, жер көчкүнүн жаракасынын узундугу болжол менен 220 метрди, көлөмү 42 800 куб метрди түзөт. Жылыш ылдамдыгы саатына 1,1 метрди

Ишкер Media
Лейлекте 143 ишкана ачылып, 356 объект курулду

Лейлекте 143 ишкана ачылып, 356 объект курулду

Өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн Баткен жана Ош облустарына болгон иш сапарынын алкагында Лейлек районунун жана Сүлүктү шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Лейлек районунун акими Асылбек Женишбек 2021-2026-жылдары аткарылган иштер тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, райондо өндүрүлгөн продукциянын көлөмү 617,8 млн

Ишкер Media