Эмне үчүн Кыргызстан Казакстандан күйүүчү май импорттобойт – антимонополиялык агенттик жооп берди
Монополияга каршы мамлекеттик кызматтын адистери Россия менен Казакстанда күйүүчү-майлоочу материалдардын баасын, ошондой эле өлкөлөрдүн экспорттук саясатын түшүндүрүштү. Бул билдирүүнү аталган башкармалыктын басма сөз кызматы таратты.
Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу материалдардын баасы Орусиядагы мунай иштетүүчү заводдордун баасына көз каранды экени белгиленген. Бирок алар Россиядагы ички баалар менен түздөн-түз байланыштуу эмес.
Россияда баа жана салык салуу системасынын өз өзгөчөлүктөрү бар. Санкт-Петербург товардык биржасы Россиянын ички рыногунда негизги ролду ойнойт. Бирок, ошол эле учурда, Россияда бензиндин чекене баасы эч кандай мунай баасынан көз каранды эмес. Бензиндин наркында чийки заттын (мунайдын) үлүшү 10%ы гана түзүп, 50%дан ашыгын салыктар түзөт.
«Россияда бензиндин жана башка күйүүчү майлардын баасынын кескин өзгөрүшүнө жол бербөө үчүн демпфинг механизми колдонулат… Мунайдын баасы кескин төмөндөгөндө, баары бензин менен дизелдик отун бир топ арзандайт деп күтүшөт, бирок андай болбойт. Кээде мунайдын баасынын төмөндөшү бензин менен дизелдик отундун баасынын өсүшү менен коштолот», – деп айтылат билдирүүдө.
Россиянын чекене соодасында (май куюучу жайларда) бензиндин баасынын белгилүү бир бөлүгүн сатып алуучу төлөйт, ал эми мамлекет экинчи бөлүгүн демпферлик механизм аркылуу төлөйт. Ошондуктан Россияда бензиндин баасы дүйнөлүк баалар жогоруласа да, төмөндөсө да туруктуу бойдон кала берет.
«Россияда бензиндин дүң баасы экспорттук баадан бир топ төмөн. Ошентип, Россияда күйүүчү-майлоочу материалдарга болгон баалардын абалы дүң жана чекене сегменттеринде экспорттук баадан, анын арасында Кыргызстанга экспорттоодо да айырмаланат», – деп айтылат маалыматта.
Монополияга каршы мамлекеттик кызмат ошондой эле Казакстандын КММ рыногундагы абалды түшүндүрдү.
«Быйылкы жылдын январь окуясында Казакстанда КММ чекене баасын көтөрүүгө 180 күнгө мораторий киргизилген, ал дагы эле күчкө ээ. Казакстандын ички рыногунда мунай бүгүнкү күндө экспорттук наркынан 2.5-3 эсе арзан. Казакстандын калкы үчүн күйүүчү майдын арзан баасын өкмөт мунай экспортунан түшкөн кирешеден субсидиялайт.
Казакстанда чекене баанын төмөндүгүнүн негизги себеби – бааларды мамлекет жөнгө салып турат. Жыл сайын Казакстанда 100 млн тоннага жакын мунай өндүрүлүп, анын 14 млн тоннасы өлкөнүн ички керектөөлөрүн жабууга багытталат.
Калган 86 млн тоннасы экспортко чыгарылат. Учурда Казакстандан экспорттолуучу мунайдын экспорттук пошлинасы тоннасына 35-70 долларды түзөт», – деп айтылат маалыматта.
Ошентип, Казакстандын өкмөтү экспорттук салыкты көбөйтүүнүн эсебинен күйүүчү майды ички рынокто арзан баада саткан жергиликтүү заводдорго субсидия берет.
Мындан тышкары, мунай продуктыларынын жетишсиздигин алдын алуу максатында Казакстанда бир катар тыюулар киргизилген:
· 2021-жылдын 9-майынан тартып мунайзаттарын экспорттоого;
· 2021-жылдын ноябрында бензинди, дизель майын жана мунай продуктыларынын айрым түрлөрүн автомобиль транспорту аркылуу экспорттоого тыюу салынган.