Чүй облусунун суу сактагычтарындагы топтолгон суу быйыл 36%га көп

Чүй облусунун суу сактагычтарындагы топтолгон суу быйыл 36%га көп

2026-жылдагы сугат мезгилине даярдык Чүй облусунда пландуу жүрүп жатканын 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча өткөн коллегияда Санжар Жантаев билдирди.

Анын айтымында:

  • Облус аймагында жалпы көлөмү 253,145 млн куб метрди түзгөн 269 суу сактагыч бар.
  • Азыркы учурда 168,81 млн куб метр суу топтолгон.
  • Келерки сезондо айдоо аянты 418 миң 764 гектарды түзөт, анын ичинен 269 миң 698 гектары сугат жерлер.
  • Сугат үчүн 850 млн куб метр суу берүү пландалууда. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 36%га көп.

Сугат тармактарын оңдоо жана калыбына келтирүү иштерине мамлекеттик бюджеттен 120 млн сом бөлүнгөн. Анын алкагында:

  • 231,5 чакырым канал оңдолот;
  • 609 чакырым суу агызуучу каналдар тазаланат;
  • 579 гидротехникалык курулуш оңдолот;
  • 740 чакырым чарбалар аралык канал кол менен тазаланат.

Мындан тышкары, тамчылатып жана жаадырып сугаруу системаларын киргизүү улантылат. Дыйкандарды суу үнөмдөөчү жаңы технологияларга окутуу иштери жүрөт. Сугатка электрондук кезек системасы киргизилип, Ысык-Ата районунда суткалык жөнгө салуучу бассейн куруу пландалууда.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров: Баткендин кирешеси 777 млн сомго өстү

Садыр Жапаров: Баткендин кирешеси 777 млн сомго өстү

Өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында Сүлүктү шаарынын жана Лейлек районунун тургундары менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Жолугушууда мамлекет башчысы аймактардын өнүгүүсү туруктуу өсүү менен түздөн-түз байланыштуу экенин белгиледи. "Алгач Баткен облусунун бюджети тууралуу сөз кыла кетейин. 2020-жылы жергиликтүү бюджеттин

Ишкер Media
Энергетика министри Токтогул ГЭСинин күз-кышка даярдыгын текшерди

Энергетика министри Токтогул ГЭСинин күз-кышка даярдыгын текшерди

Энергетика министри Алтынбек Рысбеков Жалал-Абад облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Токтогул ГЭСине барып, энергетикалык объектилердин күз-кыш мезгилине даярдыгын текшерди. Бул тууралуу министрликтен кабарлашты. Министр станциянын жабдууларынын учурдагы абалы, оңдоо иштери жана 2026-2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык менен таанышты. Маалыматка ылайык, модернизация долбоорунун алкагында Токтогул ГЭСиндеги төрт

Ишкер Media
Кара-Кулжада жер көчкү болуп, 2 үй-бүлө эвакуацияланды

Кара-Кулжада жер көчкү болуп, 2 үй-бүлө эвакуацияланды

10-октябрда саат 14:00 чамасында Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Тогуз-Булак айылынын Доңуз-Ой тилкесинде жер көчкү активдешкен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. ӨКМдин маалыматына ылайык, жер көчкүнүн жаракасынын узундугу болжол менен 220 метрди, көлөмү 42 800 куб метрди түзөт. Жылыш ылдамдыгы саатына 1,1 метрди

Ишкер Media
Лейлекте 143 ишкана ачылып, 356 объект курулду

Лейлекте 143 ишкана ачылып, 356 объект курулду

Өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн Баткен жана Ош облустарына болгон иш сапарынын алкагында Лейлек районунун жана Сүлүктү шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Лейлек районунун акими Асылбек Женишбек 2021-2026-жылдары аткарылган иштер тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, райондо өндүрүлгөн продукциянын көлөмү 617,8 млн

Ишкер Media