Жумуш издөөчү Job.kg сервиси өз ишин аяктайт – компанияны HeadHunter сатып алды

Жумуш издөөчү Job.kg сервиси өз ишин аяктайт – компанияны HeadHunter сатып алды

Job.kg кызматы Headhunter.kg менен бириккендигине байланыштуу ишин токтоткон. Бул тууралуу Economist.kg порталына HeadHunter (hh.ru) компаниясынын өкүлдөрү билдирди.

Буга чейин Job.kg жумуш издөө сервиси ушул жылдын 1-октябрынан тарта ишин токтотору белгилүү болгон. Бул рекрутинг долбоору 2004-жылы Larixon Jobs Network Урал холдинги тарабынан негизделген. 2018-жылы Hearst Shkulev Media басма үйү сайтты сатып алып, аны Zarplata.ru сервисине кошкон эле. Ошол убакта Job.kg сайтынын бир айлык аудиториясы 200 000 уникалдуу кирүүлөрдү түзгөн.

2020-жылдын декабрында Headhunter кызматы Zarplata.ru сервисин 3.5 млрд рублга сатып алган. Job.kg расмий түрдө бул рекрутингдик компанияга өткөн, бирок 2015-жылдын июнь айында headhunter.kg сайтынын кыргызча версиясы ачылганына карабай ишин уланта берген.

Бүгүн, 9-июнда HeadHunter компаниясынын расмий билдирүүсүндө, Кыргызстанда бирдиктүү платформада сервисти мындан ары жайылтуу жана өнүктүрүү максатында Job.kg менен headhunter.kg сайттарын бириктирүү чечими кабыл алынган.

Мындан тышкары окуңуз

Соода борборунан 36 млн сомдук зер буюмдуарын алдап алып кеткендер кармалды

Соода борборунан 36 млн сомдук зер буюмдуарын алдап алып кеткендер кармалды

Свердлов райондук ички иштер башкармалыгы борбор калаада өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектүүлөр кармалганын билдирди. Маалыматка ылайык, 2025-жылдын 13-декабрында милицияга Т.А. аттуу жаран кайрылып, аз тааныш болгон Ч. жана Н. аттуу аялдарга карата чара көрүүнү өтүнгөн. Билдирүүгө ылайык, соода борборлорунун биринде эки аял ишенимге кирип, алдоо жолу менен 36 млн

Быйылкы жылга карата фитир-садаканын өлчөмү белгиленди

Быйылкы жылга карата фитир-садаканын өлчөмү белгиленди

Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы 2026-жылга карата фитир-садаканын өлчөмүн бекиткенин мекеменин басма сөз кызматы маалымдады. Быйыл ар бир адам үчүн фитир-садака төмөнкү өлчөмдө белгиленди: * 1,6 килограмм буудай — 60 сом; * 1,6 килограмм мейиз — 880 сом; * 1,6 килограмм ун — 90 сом; * 3,2 килограмм арпа — 100 сом; * 1,6 килограмм

Ош мэри Жеңишбек Токторбаев кызматтан алынып, ордуна Жанарбек Акаев мэр болуп дайындалды

Ош мэри Жеңишбек Токторбаев кызматтан алынып, ордуна Жанарбек Акаев мэр болуп дайындалды

Жеңишбек Токторбаев Ош шаарынын мэри кызматынан бошотулуп анын ордуна Жанарбек Акаев Ош шаарынын мэри болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Жанарбек Акаев Кубанычович 2011-жылы Ош мамлекеттик университетин журналистика адистиги боюнча бүтүргөн. 2008-2014-жылдары “Азаттык” радиосунун кыргыз кызматында эмгектенген. 2015-жылы Кыргыз Республикасынын президентинин басма сөз катчысы. 2015-жылдын 4-октябрында КСДП

Чүй облусунун суу сактагычтарындагы топтолгон суу быйыл 36%га көп

Чүй облусунун суу сактагычтарындагы топтолгон суу быйыл 36%га көп

2026-жылдагы сугат мезгилине даярдык Чүй облусунда пландуу жүрүп жатканын 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча өткөн коллегияда Санжар Жантаев билдирди. Анын айтымында: * Облус аймагында жалпы көлөмү 253,145 млн куб метрди түзгөн 269 суу сактагыч бар. * Азыркы учурда 168,81 млн куб метр суу топтолгон. * Келерки сезондо айдоо аянты 418 миң 764 гектарды