Кыргызстан «Асман» шаарын куруу боюнча Корея менен кызматташууга кызыкдар

Кыргызстан «Асман» шаарын куруу боюнча Корея менен кызматташууга кызыкдар

Кыргызстан «Асман» шаарын куруу боюнча Корея менен кызматташууга кызыкдар. Бул тууралуу бүгүн, 9-июнда, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Түштүк Кореянын Улуттук ассамблеясынын Экология жана эмгек маселелери боюнча комитетинин төрагасы Пак Дэ Чуль, ошондой эле Түштүк Кореянын Кыргызстандагы элчиси Ли Вон Джэ менен жолугушуусунда айтылды.

Мамытов Кыргызстан Корея менен кызматташууну өнүктүрүүгө өзгөчө маани берерин жана аны Азия регионунда маанилүү өнөктөштөрдүн бири катары карай турганын белгиледи.

«Бул багытта суу ресурстары тармагын, өзгөчө суу менен камсыздоону жакшыртуу, ошондой эле Ысык-Көлдө экологиясы таза «Асман» шаарын куруу жана кичи ГЭСтерди өнүктүрүү боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну баса белгилегим келет», – деп кошумчалады Мамытов.

Ал эми Пак Дэ Чуль Түштүк Корея Кыргызстан менен кызматташууга, анын ичинде соода, инвестиция жана туризм тармагында биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга өзгөчө маани берерин белгиледи. Ошондой эле Мамытов тарабынан сунушталган демилгелерди иштеп чыгуу жана кыргыз-корей мамилелерин жаңы деңгээлге көтөрүү үчүн бардык күч-аракетин жумшай турганын билдирди.

Мындан тышкары окуңуз

Соода борборунан 36 млн сомдук зер буюмдуарын алдап алып кеткендер кармалды

Соода борборунан 36 млн сомдук зер буюмдуарын алдап алып кеткендер кармалды

Свердлов райондук ички иштер башкармалыгы борбор калаада өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектүүлөр кармалганын билдирди. Маалыматка ылайык, 2025-жылдын 13-декабрында милицияга Т.А. аттуу жаран кайрылып, аз тааныш болгон Ч. жана Н. аттуу аялдарга карата чара көрүүнү өтүнгөн. Билдирүүгө ылайык, соода борборлорунун биринде эки аял ишенимге кирип, алдоо жолу менен 36 млн

Быйылкы жылга карата фитир-садаканын өлчөмү белгиленди

Быйылкы жылга карата фитир-садаканын өлчөмү белгиленди

Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы 2026-жылга карата фитир-садаканын өлчөмүн бекиткенин мекеменин басма сөз кызматы маалымдады. Быйыл ар бир адам үчүн фитир-садака төмөнкү өлчөмдө белгиленди: * 1,6 килограмм буудай — 60 сом; * 1,6 килограмм мейиз — 880 сом; * 1,6 килограмм ун — 90 сом; * 3,2 килограмм арпа — 100 сом; * 1,6 килограмм

Ош мэри Жеңишбек Токторбаев кызматтан алынып, ордуна Жанарбек Акаев мэр болуп дайындалды

Ош мэри Жеңишбек Токторбаев кызматтан алынып, ордуна Жанарбек Акаев мэр болуп дайындалды

Жеңишбек Токторбаев Ош шаарынын мэри кызматынан бошотулуп анын ордуна Жанарбек Акаев Ош шаарынын мэри болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Жанарбек Акаев Кубанычович 2011-жылы Ош мамлекеттик университетин журналистика адистиги боюнча бүтүргөн. 2008-2014-жылдары “Азаттык” радиосунун кыргыз кызматында эмгектенген. 2015-жылы Кыргыз Республикасынын президентинин басма сөз катчысы. 2015-жылдын 4-октябрында КСДП

Чүй облусунун суу сактагычтарындагы топтолгон суу быйыл 36%га көп

Чүй облусунун суу сактагычтарындагы топтолгон суу быйыл 36%га көп

2026-жылдагы сугат мезгилине даярдык Чүй облусунда пландуу жүрүп жатканын 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча өткөн коллегияда Санжар Жантаев билдирди. Анын айтымында: * Облус аймагында жалпы көлөмү 253,145 млн куб метрди түзгөн 269 суу сактагыч бар. * Азыркы учурда 168,81 млн куб метр суу топтолгон. * Келерки сезондо айдоо аянты 418 миң 764 гектарды